Пример HTML-страницы

Ош шаарында түнкүсүн кароосуз жүргөн өспүрүмдөргө рейд башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында түнкүсүн кароосуз жүргөн өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган «Түнкү өспүрүм» аталыштагы профилактикалык иш-чара өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-майда башталган иш-чара 20-майда жыйынтыкталат. Рейд ШИИБдин жашы жетелектер менен иштөө инспекциясы тарабынан өткөрүлүүдө. Атайын түзүлгөн иш мерчемге ылайык иш-чаранын жүрүшүндө коомдук жайлар, эс алуу борборлору, түнкү интернет-клубдар текшерүүгө алынып, чоӊ адамдардын коштоосусуз жүргөн балдар аныкталып, алардын жакындары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

«Аныкталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балдардын жоопкерчилигин алган жакындарына чара көрүлөт. Социалдык жактан коргоо органдарына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө маалымат жиберилет», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE