Пример HTML-страницы

Ош шаарында Орозо айында гана иштеген «Ифтар базар» жабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы «Ифтар базар» жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, базардын жабылышына санитардык талаптар сакталбаганы себеп болгон. Базар кечээ, 14-мартта Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан жабылды.

«Анткени тамак-аштар санитардык талаптарга жооп бербейт, тез бузулуучу тамактар сатылган. Муну менен катар жол тыгыны пайда болуп, ыңгайсыздык жаралган», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Turmush Ош шаарындагы «Ифтар базар» Орозо айынын биринчи күнүнөн тарта иштеп баштаганын жазган. Бул базар Курманжан датка, Рысбай Абдыкадыров, 8-март көчөлөрүндө бир жылда бир жолу, тактап айтканда 30 күн иштейт.

Орозо айы быйыл 11-мартта башталды.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, базарда орозодо ден соолукка пайдалуу делген даяр тамак-аштар, жашылча-жемиштер, салаттар, нандын өзгөчө түрлөрүнөн тартып таттууларга чейин сатыкка чыгат. Аларды жергиликтүүлөр үй шартында өздөрү жасашат.

2022-жылы аталган базар санитардык талаптарга жооп бербейт деген жүйө менен жабылган болчу. Буга чейин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы санитардык абалдарды сактоо боюнча эскертүү берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE