Пример HTML-страницы

Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө даярданып жатышат. Сүрөт, видео

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына арналган иш-чара өлкө жетекчилеринин катышуусунда өтөт. Учурда даярдык көрүлүп жатат, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Эгемендүүлүк күнүнө карата «Алымбек датка» этнографиялык борборунда бийиктиги 60 метр болгон желек сап орнотулду. Аны менен бирге көп жылдан бери иштебей турган оргума толук оңдолуп, жаңы таман таш төшөлүп, аймагы көрктөндүрүлүп, жашылдандырылды.

А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионду оңдоп-түзөө иштери аяктады. Стадиондо таяк тартыш, бел боо күрөшү, алыш күрөшү, ордо сыяктуу спорттук мелдештер өтөт.

Ош мамлекеттик университетинде коомдук ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракеси өтүп, эстелиги ачылат. Ошондой эле илимий-практикалык конференция өтөт.

С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргызстан элдер ассемблеясынын Ош бөлүмү тарабынан « Ош — достуктун шаары» аттуу феставаль, драма театрдын оң тарабынада «Тарыхта калган элестер», «Ата-Журт ажары» парктарынын ачылышы өтөт.

30-31-август күндөрү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында акын, ойчул, тарыхчы Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган кыргыз-казак төкмө акындардын кош байге айтышы уюштурулат.

Ленин проспексинде 7 облус, Бишкек, Ош шаарларынын «Тогуз ордо» аймагында «Түштүк базары» аттуу республикалык көргөзмө-сынак жармаңкеси, «Алтын тууру — Ата Журтум» аттуу республикалык кароо-сынактары өтөт.

Борбордук аянтта 31-август күнү өнөрпоздордун концерттик программасы саат 11:00дөн кечке чейин тартууланат.

21:00-00:00гө чейин борбордук аянтта искусство чеберлери, эстрада ырчыларынын катышуусунда гала концерт өтөт.

Ал эми ат майданда 28-31-августка чейин президенттин кубогуна арналган, байгеге батир коюлган көк бөрү мелдеши өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE