Пример HTML-страницы

Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнү белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 2-февралда Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүнө карата ачык эшик күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Оштогу окуу жайлардын студенттери катышты. Анда шайлоодо добуш берүүнүн жол-жоболору айтылды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ош облусу боюнча өкүлү Дыйканбай Даминовдун айтымында, ачык эшик күнүнө 56 студент катышты. Алардын арасынан 8 гана студент шайлоого катышкан.

«Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүнө карата мындай ачык эшик күнү өлкөнүн булуң-бурчунда өтүп жатат. Ош шаары боюнча эки жерде өтүүдө. Негизги максат болочок шайлоочуларды шайлоого даярдоо жана ага ишеним көрсөтүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө Ош шаары боюнча 5 окуу жайдан студенттер келишти. Бул иш-чарага 56 студент катышса, алардын ичинен 8 гана студент шайлоого катышкан. Калгандарынын бардыгы кийинки шайлоого карата маалымат алышты», — деди Дыйканбай Даминов.

Студенттердин бири Сүйүнбек атайын бюллетень кагазга суу тийгизип, андан кийин арчып, добуш берчү урнага салып көргөн.

«Мен буга чейин шайлоого катышып көргөн эмесмин. Анткени эми гана 18 жашка толдум. Бул иш-чарада шайлоодо добуш берүүнүн жол-жобосун үйрөндүм. Биз добуш берген бюллетень кайсыл учурда жараксыз болуп калат деген суроонун жообун алдык. Аны текшерүү үчүн иш жүзүндө бюллетенди текшерип көрдүк. Тактап айтканда, бюллетендин чекесинде жайгашкан анализ жүргүзүүчү штрих кодду суу менен нымдап, анан добуш берчү аппарат өткөрөбү же өткөрбөйбү текшерип көрдүк. Текшерген кезде аппарат чындап эле туура жана так эсептейт экен. Ал эми биз ката кылган бюллетенди алган жок. Аппаратка ишендик жана эсептөө жолун өз көзүбүз менен көрдүк», — деди Сүйүнбек Азизбек уулу

Окутуучу, активист Сагынбек Маманов өлкөнүн келечеги үчүн ар бир жашы жеткен жаран шайлоого катышышы керек дейт.

«Бүгүн шайлоо тууралуу атайын семинар болуп өттү. Көбүнчө студенттер катыштып жатат. Эмне үчүн дегенде, көпчүлүгү 18 жашка чыгып, шайлоо укугуна ээ болушууда. Студенттер түшүнбөгөн суроолорго жоопторун алышты. Шайлоо процесси кандай жүрөрү иш жүзүндө көрсөтүлүп берилди. Студенттер бюллетень алып, добуш беришти. Купуялуугун сактоо эрежелери эске алынып, адашкан студенттер билимин тереңдетишти. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Студенттер шайлоо процессин өз башынан өткөрүп жатышты. Себеби, Кореядан келген добуш берүү үкөгүнө көпчүлүгү ишенбей, шайлоо учурунда талаш-тартыштар болуп келбедиби. «Чындап эле иштейби, так санайбы?» деген күмөн жараткан суроолор болуп келген. Буларда дагы ушундай түшүнүктөр бар да. Ошондуктан бул иш-чарада практика жүзүндө, шайлоочу жаран катары эксперимент жүргүзүп көрүштү. Бул практикалык шайлоодо 37 студент добуш беришти. Анын ичинен беш бюллетень жараксыз деп табылды.

Мен дагы бул иш-чарага катышуучу болуп келдим. Бул жерден көп маалымат алдык. Студенттер болсо, шайлоодогу укуктарын билишти. Анан аң-сезимдери дагы өзгөрдү деген ниеттебиз. Себеби шайлоочуларга көп маалымат жетиш керек. Тилекке каршы шайлоо учурунда ар кандай түшүнбөстүктөр болот. Ошондуктан жаштар шайлоого активдүү катышыш керек. Арасында кайдыгерлер дагы бар, катышпай койсом эмне болот деген… Айтарым, өлкөнүн келечеги үчүн ар бир жаран катышыш керек», — деди Сагынбек Маманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE