Пример HTML-страницы

Ош шаарында «Алайдын» машыктыруучулар командасы кубоктун ээси болушту

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында «Алай» футбол командасынын машыктыруучулар командасы Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн турнирдин кубогун жеңип алышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо өткөн турнирдин жыйынтыгында 1-орунду «Алай» футбол командасынын жетекчилигинин командасы, 2-орунду Ош шаарынын мэриясынын командасы, 3-орунду «Каганат» футболдук клубунун жетекчилигинин командасы ээледи.

Сыйлыктарды тапшыруу аземинин алкагында Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев бул турнир футболду жана сергек жашоону жайылтууга көмөктөшө турганын белгилеп, турнирди жыл сайын өткөрүүгө болорун айтты.

Турнирдин бардык катышуучулары дипломдор менен сыйланышты. Ал эми жеңүүчү командага кубок тапшырылды.

Турнир Ош шаарынын жана Ош облусунун футбол ассоциациясы тарабынан уюштурулган. Ага «Алай», «Каганат» футбол командаларынын жетекчилигинен, Ош шаарынын мэриясынан жана журналисттерден түзүлгөн 4 команда катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE