Пример HTML-страницы

Ош облусунда 10 күндө 3 миңге жакын айдоочу жол эрежесин бузду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун аймагында 10 күндө 3 миңге жакын айдоочу жол эрежесин бузду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусунун аймагында «Рулда» аталышындагы рейддик иш-чара өтүп жатат. 10-январда башталган иш-чара 31-январга чейин уланат.

Рейд учурунда Укук бузуулар кодексинин негизинде 2 миң 879 айдоочуга протокол түзүлдү.

Анын ичинен:

— мас абалда унаа башкарган 42 айдоочу;

— айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражатын башкарган 21 айдоочу;

— карама-каршы тилкеге чыккан 46 айдоочу;

— ылдамдыкты ашырып айдаган 527 айдоочу.

275 унаа айып короого киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE