Turmush — Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Ош облусун 18 адам жетектеди. Буга чейин облус башчылар губернатор деп аталса, эми президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү деп аталат.
- Ош облусу Кыргызстандагы ири административдик-аймактык бирдик. Кыргыз Республикасынын түштүгүндө жайгашкан. Ош облусу 1939-жылы 21-ноябрда уюшулган. 1959-жылы 27-январда Жалал-Абад облусу менен биригип, 1990-жылы 14-декабрда кайра эки облуска — Ош жана Жалал-Абад облустары болуп бөлүнгөн. 1999-жылы Ош облусунун курамынан Баткен облусу бөлүнгөн.
Облуста 7 район бар. Алар: Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондору. Ошондой эле Ош, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн шаарлары жайгашкан.
Облусту башкарган жетекчилер:
1. Сыдыков Батырали Сыдыкович (1991-1993-жылдар);
2. Эркебаев Абдыганы Эркебаевич (1993-1995-жылдар);
3. Рустенбеков Жаныш Султанкулович (1995-1996-жылдар);
4. Муралиев Амангелды Мурсадыкович (1996-1999-жылдары);
5. Акматалиев Темирбек Асанбекович (1999-2000-жылдары);
6. Касиев Накен Касиевич (2000-жылдын 31-декабрынан 2005-жылдын 19-январына чейин);
7. Жолдошев Кубанычбек Ниязович (2005-жылдын 28-январынан 2005-жылдын 18-мартына чейин);
8. Артыков Анвар Артыкович (2005-жылдын 18-мартынан 2005-жылдын 12-декабырына чейин);
9. Закиров Адам Закирович (2005-жылдын 12-декабырына 2006-жылга чейин);
10. Сатыбалдиев Жантөрө Жолдошевич (2006-жылдын 24-майынан 2006-жылдын 27-ноябрына чейин);
11. Карашев Аалы Азимович (2006-жылдын 27-ноябрынан 2009-жылдын октябрь айына чейин);
12. Бакиров Мамасадык Сабирович (2009-жылдын 27-октябрынан баштап 2010-жылдын 8-апрелине чейин);
13. Жээнбеков Сооронбай Шарипович (2010-жылдын 8-апрелине баштап 2015-жылдын 10-декабрына чейин);
14. Сарыбашев Таалайбек Насырбекович (2015-жылдын 10-декабрынан 2018-жылдын 18-июлуна чейин);
15. Жылкыбаев Узарбек Казиевич (2018-жылдын 18-июлунан 2020-жылдын 8-августуна чейин);
16. Юсупов Байыш Юсупович (2020-жылдын 8-августунан 2020-жылдын 19-октябрына чейин);
17. Абдураимов Жарасул Осмоналиевич ( 2020-жылдын 19-октябрынан 2021-жылдын 22-июлуна чейин);
18. Жамалдинов Зиядин Исламович 2021-жылдын 22-июлунан бери иштеп жатат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.