Пример HTML-страницы

Ноокендеги төрөт бөлүмүнө оор абалдагы ымыркайлардын өмүрүн сактап калууга жардам берүүчү аппараттар тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокенде энелердин жана балдардын өлүмүнүн алдын алуу үчүн заманбап медициналык жабдыктар сатылып алынды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ноокен райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башкы дарыгери Айчүрөк Досумбетова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин аппараттын жоктугунан улам жаңы төрөлгөн ымыркайларды Жалал-Абад шаарына жөнөтүүгө мажбур болуп келишкен.

«Ноокен райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун төрөт бөлүмүнө балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн тендер аркылуу бюджеттик каражаттан эки медициналык жабдык сатып алдык. Алар: неонталдык фототерапиялык нурланткыч жана температураны автоматтык түрдө сактоо неонаталдык столу. Буга чейин биздин төрөт бөлүмдө мындай жабдыктар болгон эмес. Эгер жаңы төрөлгөн ымыркайда бул аппараттарга салуу зарылчылыгы жаралса, аларды Жалал-Абад шаарына жөнөтчүбүз. Мындай учурда бир эле ата-эне эмес, ак халатчандарга да түйшүк жаралчу. Азыр бул шаймандардын жардамы менен ара төрөлгөн жана оор абалда жарыкка келген ымыркайралдын өмүрүн сактап калууга чоң жардам болду. Аппараттардын сатылып алынганына энелер эле эмес, биз дарыгерлер да кубанып турабыз.

Аны менен бирге калкка биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун жана ФАПтарды компютерлер менен камсыздап жатабыз. Себеби, биздин аймакта жашаган калкты электрондук каттоого алып, алардын жашоо статусун аныктап, мамлекет тарабынан жеңилдетилген рецептеги дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыздоо аракети көрүлүүдө. Азыркы тапта тендер аркылуу 54 заманбап компютер жана керек болгон бардык жабдуулар сатып алынып, интернет жок аймактарга интернет тартылып, санариптешүү иши да жүрүп жатат. Ага удаа эле бейтапкананын дарыгерлери ай сайын айылдардагы ФАП, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна барып, элдердин саламаттыгын текшерүүгө алышууда», — деди башкы дарыгер А.Досумбетова.

Ноокен райондук жалпы дарыгерлер практикалык борбору 191 койкага ылайыкталып, 1936-жылы негизделген. Бейтапканын балансында 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 15 ФАП, 2 тез жардам бөлүмү, 1 стоматологиялык поликлиника бар. Мындагы ак халатчандар райондогу 81 миң 512 калкты медициналык жактан тейлеп келет.

Өткөн 2022-жылы райондо жалпы 1578 бала жарыкка келген. Алардын ичинен балдардын өлүмү 6 учур, энелердин өлүмү бир учур болгон. Ал эми, быйылкы жылдын башынан бери 774 бала төрөлсө, балдардын өлүмү 5 учур болгон. Алардын бирөөсү тубаса жашап кетүү үчүн зарыл болгон органдары өөрчүбөй калган. Дагы бир бала аз салмакта төрөлүп, чарчап калган. Быйылкы жылы ушул айга карата энелердин өлүмү катталган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE