Пример HTML-страницы

Нарындагы уурулукка шектелип бишкектик өспүрүм кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарында уурулукка шектелип 2 жаран кармалды, деп билдирди ОИИБдин басма сөз кызматы.

Жабырлануучу милиция кызматына 23-январда саат 13:25 чамасында кайрылып, шаардын Сөң-Көл аймагында жайгашкан дүкөндөн 65 000 сом уурдалганын билдирген. Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, ыкчам иштер жүргүзүлдү. Нарын ШИИБдин ыкчам тобу тарабынан көп узабай 2 шектүү кармалды.

Алар:

— Нарын районунун 2005-жылы туулган тургуну Н. у. И.;

— Бишкек шаарынын 2006-жылы туулган тургуну С.З.

Шектүүлөр убактылуу камакка алынып, Бишкек шаарындагы уурулукка байланышы такталып жатат. Тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE