Пример HTML-страницы

Нарын шаарындагы мал уурулуктан улам аталган «Шайтан» көпүрө

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарынын Москва чөлкөмүнөн өткөн Нарын дарыясындагы көпүрөнү жергиликтүү тургундар «Шайтан» көпүрө деп аташат.

Алардын айтымында, көпүрөдө баратканда көпүрө кыймылдап турат. Мындан улам аны «Шайтан» көпүрө деп атап коюшкан.

Нарын шаарынын тургуну Кубанычбек Жумабаев көпүрө тууралуу укканын айтып берди. «Ат-Башы ГЭСине суу Ала-Буга суусунан келет экен. Ошол суунун эки өйүзү кууш жер. ГЭСке жакын жердеги Учкун, Куланак деген айылдарда төбөй деген уруу отурукташыптыр. Алар беш-алты тоо ашкандан кийин эле мал уурдап келчү экен. Бир күнү чоң мал ала албай, козуну уурдап келе беришиптир. Уурдап келе жатканда артынан куугунчулар түшөт экен. Баягы уурулар шашып, каякка барарын билбей, Ала-Буганын кууш жерине келгенде мойнуна козуларды арта салып, сууну аттап кетет экен. Артынан келген куугунчулар өтө албай калат. Ошондо куугунчулар ууруларга «айланайын койду жөн кой. Койдун кунунан кечтик. Айтып койгулачы каяктан келдиңер» дегенде, «төбөй уруусунан келдик» дешет экен. Ошондо куугунчулар аларды киши эмес эле, шайтан экен деп аябай таң калган экен. Кийин ал жакка көпүрө түшөт. Ошентип «Шайтан» көпүрө деп аталып калыптыр», — деди ал.

Көпүрөнүн узуну 71 метр, туурасы 1,5 метр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE