Пример HTML-страницы

Нарын шаарында арзан баадагы кумшекерди эки күндө талап кетишти

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарындагы борбордук базардагы 4 дүкөндө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан алынып келген кумшекер сатыкка коюлуп, ал 2 күн ичинде түгөндү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Президент Садыр Жапаров азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун алкагында 1 тонна кумшекерди кордон (запас) чыгарып, анын 1 килограммын 70 сомдон сатууну тапшырган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин маалыматы боюнча, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 500 литр өсүмдүк майы кордон чыгарылган. Анын 1 литри 130 сомдон сатылат. Ал 15-мартта Бишкек шаарында өткөн маалымат жыйында өлкөдө 3 күндүн ичинде кумшекердин баасы кескин жогорулаганын билдирген.

Өлкөнүн аймактарында кумшекердин баасы 105 сомго чейин кымбаттаган.

«Биз бааны өзүбүз койгон жокпуз. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Нарын облусундагы башкармалыгы 70 сомдон бекитип берген. Биздин дүкөнгө 20 кап берилген. 22-марттан баштап 23-март түшкү саат 13:00гө чейин сатылып бүттү. Бир адамга 5 килограммдан ашык берилген жок. Ал эми өсүмдүк майы берилген жок», — деди сатуучу Тилек Айсаракунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE