Пример HTML-страницы

Мурунку мектеп директору Жети-Өгүздүн акиминин орун басары болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБектемирова Жыпаркүл Кутмүдүновна Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бүгүн, 13-мартта президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева жаңы орун басарды райондун активине тааныштырды.

Буга чейин аталган кызматты Венера Бейшебаева аркалап келген. Ал өз арызы менен февраль айында иштен кеткен.

Жыпаркүл Бектемирова 1978-жылы 22-мартта туулган.

Билими:

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, адистиги: математика жана информатика мугалими.

Эмгек жолу:

— 2000-2005-жылдары В.И. Ленин атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде математика мугалими;

— 2005-2019-жылдары ушул эле мектепте уюштуруучу, социалдык педагог жана окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары;

— 2019-жылдын 1-октябрынан баштап Э.Гапаров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE