Пример HTML-страницы

Москва районундагы тоолуу айылда спорт комплекс бассейни менен кошо курулду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылында жаңы спорт комплекси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалым болгондой, Ак-Суу айыл аймагына караштуу 7 айылдын бири Чоң- Арыкта 2 миңге жакын адам жашайт.

«Ак-Суу айыл аймагындагы 7 айылдын баары, башкача айтканда Төмөн-Суу, Бала-Айылчы, Ак-Башат, Ак-Торпок, Мураке, Кепер-Арык жана Чоң-Арык делип, кыргызча аталышка ээ. Ошондой эле элибиздин басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенип, жаштарыбыз айылдын инфратүзүмүн жакшыртууда көп аракеттерди жумшады. Алар өз чөнтөгүнөн 2 миллион сомдон ашык каражат жумшап, жаңы заманбап спорт комплексин куруп беришти. Анда, бассейин, атайын залдар жана толук шарттар, спорттук жабдуулар бар», — деди жергиликтүүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE