Пример HTML-страницы

Милиция экспертизанын жыйынтыгы тууралуу айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн районунун Куршаб айылында каза болгон 14 жаштагы окуучунун ата-энеси дайындалган экспертизанын жыйынтыгына макул болбой, тергөө кайрадан башталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, маркумдун жакындары уулу бийиктиктен кулап каза болду деген экспертизанын корутундусуна нааразы. Алар кайрадан комиссиялык экспертиза дайындоону көздөп жатат.

«Экспертиза баланын башынан жараат алганын, оң тарабы көбүрөөк жабыркаганын, колдору, буттары жабыркаганын көрсөтүп, бийиктен түшкөндө жараат алышы мүмкүн деп жазып жатат. Баланын жакындары «өзүнөн өзү кулап кетпейт, макул болбойбуз» деп, жакында дагы кошумча комиссиялык экспертизага жөнөтүү күтүлүүдө. Бирок ал жерде кимиси түртүп жиберген же өзү түшүп кеткен деген жагдай далилденбей турат. Бүгүнкү күндө чыккан экспертизанын негизинде дагы беттештирүү болуп, кайрадан алар менен чогуу баргандар да суралууда», — деди Жеңиш Аширбаев.

Милициянын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 16-октябрь күнү саат 13:35 чамасында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Куршаб аймактык ооруканасынан кабар келип түшкөн. Анда Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын тургуну — 14 жаштагы И.К. денесинен жараат алып кайрылгандыгы тууралуу билдирилген.

Аталган факты Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, алгачкы териштирүү иштери башталган. Өзгөн РИИБдин ыкчам тергөө тобунан алынган ыкчам маалыматтарга ылайык, өспүрүм 2022-жылдын 16-октябрында саат 10:00 чамасында Өзгөн районунун Киров айылынын кире бериш жериндеги арканын жанындагы бийик жардын түбүнөн жараат алган абалда табылгандыгы аныкталган.

Алган жараатынан улам Ош облустук ооруканасына жеткирилип, 2022-жылдын 17-октябрь күнү ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

Мындан сырткары текшерүү иштеринин жүршүндө 2022-жылдын 16-октябрына караган түнү Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылындагы жана ошол эле айылга кошуна болгон Шагым айылындагы өспүрүмдөр — 9-10-класстардын окуучуларынын ортосунда пикир келишпестиктерден улам топтолушуп мушташышкан. Киров айылынын балдары мушташ болгон жерден качып бара жатып аталган окуучу бийиктиктен кулап кеткендиги аныкталды.

Маалым болгондой, эки айылдын өспүрүм балдары топтошуп, эки тарап болуп мушташкан. Анын кесепетинен 14 жаштагы бала топ балдардан качып бара жатып, өзүн жардан таштап жиберген. Ал түнү менен эс-учун жоготкон абалда жардын түбүндө жатып калган.

15-октябрда жергиликтүү тургундар баланын жарда жатканын көрүп, Куршаб аймактык ооруканасына жетиришкен. Анын абалы оор болгондуктан Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына алып келишкен. Ал алган жаракатынан улам облустук ооруканада көз жумган.

Окуучунун өлүмү боюнча 35 адам суракка чакырылган.

Маркум окуучунун ата-энеси АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйныда мушташ учурунда качып бара жатып, жардан кулап каза болгону тууралуу так эмес маалымат таратылганын айтышкан. Алар бул факт бейбашчылык беренеси менен гана катталып, эч ким камакка алынбаганын белгилеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE