Пример HTML-страницы

Мергенчилер эмне үчүн ургаачы кыргоолду атышпайт?

Акыркы жанылыктар

TurmushЭркек кыргоолдой ачык түстөгү кушту Кыргызстандан табуу кыйын. Анын жүнү алтын, кочкул жашыл, кызгылт сары жана кызгылт көк түстөрдү айкалыштырат. Ал эми ургаачы кыргоолдордун сырткы көрүнүшү жана сулуулугу эркек кыргоолдоруна жетпейт. Басымдуу бөлүгү күрөң-сары түстө болот. Бул өзгөчө куш тууралуу эколог Александр Сосновский айтып берди.

Кыргоолдордун туруктуу жашаган жери — камыш, чычырканак, карагат, жүгөрү же күн карама эгилген талаа чектери. Бул канаттуулардын негизги азыгы — курт-кумурскалар, мөмөлөр, отоо чөптөр жана дан эгиндери.

«Кыргызстанда 2021-жылдын 2-октябрынан 12-декабрына чейин кыргоолго аңчылык кылууга уруксат берилген. Мергенчилер арасында кыргоолго аңчылык кылуу популярдуулукка ээ. Эркек кыргоолдун салмагы 1300-1500 грамм болсо, кыргоолдун ургаачысынын салмагы 1000 граммды түзөт. Анын үстүнө кыргоолдун эти абдан даамдуу», — деди ал.

Кыргоолго аңчылык кылуу боюнча адис Руслан Гайфулин белгилегендей, кыргоолдорго аңчылык кылуунун ийгилиги мергенчинин өз ишин канчалык деңгээлде жакшы билгенинен көз каранды.

«Кыргоолдорго аңчылык кылуу үчүн биринчиден, жакшы иштөө сапаты бар ит керек. Дратхаар породасындагы мергенчилик иттер кыргоолдорго аңчылык кылууда өздөрүн абдан жакшы көрсөтүшкөн. Кыргоолдорго иттер менен биргеликте аңчылык кылуу абдан кызыктуу. Канаттуу камыштын же калың бадалдын үстүнө көтөрүлүп, багыт алып, түз сызык менен учуп кетет. Куш вертикалдуу учуудан горизонталдуу учууга өткөн учурда атса, бир топ ыңгайлу. Ок тийип, жараланган канаттууну табуу же кармоо абдан кыйын. Анткени алар коркунучтан качып, чытырман бадалдардын арасында тыгылып турушат. Аңчылык кылуу үчүн ыңгайлуу учур эртең менен, түшкө чейин жана кечинде — саат төрттөн караңгы киргенге чейин», — деп мергенчи-спортчу сырлары менен бөлүштү.

Гайфулин кошумчалагандай, кыргоолдорго аңчылык кылууга жарактуу ити жок мергенчилер канаттуулардын туруктуу жем берүүчү жайларынын жанына буктурмаларды түзүп, эртең менен жана кечинде аларды аңдып турушат.

«Кыргоолдун душмандары көп — түлкү, чөө, карчыга (ястреб). Андан да коркунучтуу душмандары жолбун иттер менен мышыктар. Кыргоолдор суу ташкынынан жана ызгаардуу карлуу кышта азык-түлүктүн жетишсиздигинен абдан кыйналышат.

Браконьерлик кыргоолдорго көп кыйынчылыктарды алып келет. Демек чыныгы мергенчи-спортчу мыйзамда белгиленген чектен ашпайт. Кыргоол короздоруна гана аңчылык кылып, алардын маңдайында бараткан кыргоол тоокторун аяйт. Анткени ургаачылары келерки жылы көп балапандарды жарыкка алып келишет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE