Пример HTML-страницы

Мектепке күчүк алып келген баланын апасы үн катты

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай шаарында мектепке күчүк алып келген баланын апасы Гүлкумар Сарыбаева окуя боюнча комментарий берди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, баласы Алихан Дыйканбаев Б.Айтматов атындагы мектепте 4-класста окуйт. Ал жаныбарларга кызыгат. Буга чейин тыйын чычкан баккан.

«Балам негизи үй жаныбарларына, деги эле жандыктарга аябай кызыгат. Жаныбарларга аяр мамиле жасап, камкордук кылып турат. 3 баламдын эң чоңу. Мындан сырткары дагы 1 уул, 1 кызым бар. Атасы жок, жалгыз өстүрүп келем.

Мугалимдер да баламдын үй-бүлөлүк абалын билет. Билип туруп, баламды жалдыратып ушундай мамиле жасаганы туура эмес. Окуучуларга тандалма мамиле жасап, карапайым үй-бүлөнүн баласына орой тийгенин кандай түшүнсө болот? Окуянын болгонуна 3-4 күн өттү. Урушкан эжекеси бир ооз кечирим сурап койгонго жарабады. Видеону жалпы ата-энелердин тайпасына таштап, ортого салып жатат. Ар бир ата-эне менен жекече иш алып барса дагы болот го. Ал мугалимдердин кылган мамилеси сөгүш, эскертүү менен чектелгени туура эмес. Анткени эртең балам мектепке барса, дагы катуу тийиши мүмкүн», — деди ал.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Орозбаев Кадамжай шаарында мектепке күчүк алып келген окуучу балага мугалимдер тарабынан жасалган мамиле боюнча чара көрүлөрүн билдирген.

Маалым болгондой, окуя Кадамжай шаарындагы Б.Айтматов атындагы мектепте болгон.

«Бул окуя боюнча өзүнчө иш алып барылууда. Окуяга катыштыгы бар ар бир мугалимге тиешелүү чаралар колдонулуп, эскертүүлөр берилет», — деди ал.

Ученик принес в школу щенка в пакете. Видео

Буга чейин социалдык тармактарда класска күчүктү баштыкка салып алып кирип, кийимдер менен кошо илип койгон окуучуну тилдеген мугалимдердин видеосу жарыяланган. Анда мугалимдер баланы урушуп, директорго чейин алып барабыз дегени, окуучу «экинчи кайталанбайт» деп айтып жатканы тартылган.

Социалдык тармактарда мугалимдердин балага кылган мамилесин сынга алышкан.

Директордун жообу:

Кийинчерээк күчүгүн мектепке алып келген 4-класстын окуучусун тилдеген мугалимдер боюнча акимчиликте жыйын өткөнү, ага окуяга тиешеси бар мугалимдер, мектеп директору жана жетекчилер катышканы кабарлаган.

Б.Айтматов мектебинин директору Зияда Назарованын айтымында, окуучусу бир канча жолу класска ар кандай жаныбарларды алып келген.

«Окуучу бала буга чейин мектепке ар кандай жандыктардын алып келе бергендиктен класс жетекчиси ар кандай ооруларды жугузуп албасын деп, катуураак айтууга туура келген. Колун самындап жуудуруп, жакшы эле айтылган. Ал жерде окуучуну эч ким урган жок.

Буга чейин өлгөн жандыктарды да көтөрүп келгендиктен кайра кайталабасын деп, видеону ата-энелер группасына тарбиялык мааниде жөнөткөн экен. Ошентсе да мугалимдин окуучуга кылган мамилеси боюнча Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында жыйын болуп, тиешелүү чаралар көрүлүп, эскертүү берилди», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE