Пример HTML-страницы

Мектеп директорлорунун аты аталып, талкууга алынган 4 окуя

Акыркы жанылыктар

TurmushЖыл башынан бери мектеп директорлорунун аты аталган окуялар катталып, кызуу талкууга алынып жатат. Алардын айрымдары окуучуларды сабаганы айтылса, кээ бирлери ата-энелерден акча чогултканы үчүн сынга кабылды.

Turmush басылмасынын кабарчылары чуулуу окуялардын чоо-жайын тактаган.

——————————————————-

14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу (Ноокат округу) Ош шаарындагы М.Ломоносов мектебинин директору 9-класстагы окуучу кызды мектеп формасы жок болгон үчүн сабаганын айтып чыккан.

Депутаттын айтымында, мектептин директору 9-класстын окуучусун класстан сүйрөп чыгып, сабаган. Окуучу кыздын жакындары ага кайрылган. Депутат мектеп директору окуучу кызды форма үчүн сабаганын кошумчалаган.

Бул окуя боюнча аталган мектептин директору Динара Алмаматова Turmush басылмасына комментарий берген. Ал депутат Коргонбай уулунун айткандары чындыкка дал келбей турганын жана бир тараптуу такталбаган маалымат таратканын айткан болчу.

«Жогорку Кеңештин депутаты айткандардын баары жалган. Бизде андай окуя болгон жок. Биз мугалимбиз, психологпуз. Мектепте кантип иштөө керектигин билебиз. Бизде биринчи сабак саат 08:00дө башталат. Бүгүн, 14-мартта биринчи сабак башталганда соцпедагогдор менен бирге кечигип келгендерге эскертүү бердик. Андан сырткары мектеп формасы боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскерүүлөр берилди.

Жогорку Кеңештин депутаты айткан кыз бүгүн кыска, киндиги көрүнгөн топик, жабышкан жинсы шым жана спорттук бут кийим кийип келди. Чачын жайып, узун сөйкө тагынып алган болчу. Албетте, мен бул мектеп формасына туура келбей турганын айтып, эскертүү бердим. Ал сөйкөсүн гана чечти. Мен аны класс жетекчисине тапшырдым. Мени менен бирге башка класс жетекчилер, анын классташтары да болгон. Жеке мен өзүм балдарга карата зомбулук кылып, кол көтөрбөйм. Менден башка окутуучулар да эч качан зомбулук кылбайт. Эгерде ал депутат Кыргызстандын баарына ал окуучу кыздын чоң энеси айткандарын айтса, бул чындык болуп калбайт. Адамдын тагдыры менен ойногон болбойт. Минтип мугалимдерди кемсинтип, басынткан туура эмес», — деген Динара Алмаматова.

М.Ломоносов атындагы мектеп жаңы жана эски корпус болуп эки бөлүктөн турат. Директордун айтымында, өткөн жылы эки корпуска тең үндү кошо жазган видеокамералар коюлган. Бирок бүгүнкү күндө техникалык катачылыктан улам камера иштебей жатканын айткан.

Ал эми Ош шаардык милициясы окуучу кыздын сабалышы боюнча факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталганын билдирген.

Маалыматка караганда, 14-мартта саат 11:00 чамасында Ош шаарынын тургуну — 77 жаштагы аял киши Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал арызында 2008-жылы туулган небересин мектеп директору мектеп формасынын талабына жооп бербеген кийим кийип баргандыгын жана сабакка кечигип келгендигин айтып, урганын билдирген.

——————————————————-

2024-жылдын февраль айынын аягында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мектептеги чогулуш учурунда тартылган видео социалдык тармакка тараган.

Видеодон мектеп директору делген аял киши: «Мугалимдер 1000 сомдон чогултуп жатыптыр дегенди токтокула, биз чогултабыз. Комиссия келсе, келген кишилерге чай-пай беребиз, алар бизди ачка текшербейт да. Эртең да комиссия тосом. Апрелде профсоюздардын семинары бар. Келген адамга чай беребиз. Конок күткөндөй эле күтүп алабыз. Азыр катуу текшерүү болуп жатат. Билим сапатын көтөрөлү», — дегенин угууга болот.

Ал муздаткыч тууралуу сөз кылып: «Эки ачмай кымбат болуш керек ээ? 100 миң дейт, мынакей. Мен чындыгындай билбейм. Чоң муздаткычтарды 35-40 миң сомго аласың», — деген.

Ал эми Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн Turmush басылмасына билдиришкендей, чогулуш 26-февралда саат 13:00-14:00 чамасында Ленин айыл аймагында жайгашкан Аксамат Тажибаев атындагы мектепте болгон.

«Чогулушта мектеп директору ата-энелерге акча чогултуулар жана мектепке муздаткыч алып берүү тууралуу айткан экен. Чогулушта тартылган видео соцтармактарга жүктөлгөндөн кийин сөз болуп жаткан мектептин директору Элмира Түркбаева жана ата-энелерди районого чакырып, тараптардын пикирин угуп, бул боюнча атайын жумушчу топ түзүлдү. Ал арада окуя боюнча облустук прокуратура мектеп директорун тергөөгө чакырып, ишти көзөмөлдөп жатат. Көзөмөл органынын берген маалыматынан кийин кошумча маалымат берилет», — деген Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Айсалкын Топчиева.

——————————————————-

Ошондой эле 2024-жылдын февраль айында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айылдардын биринде сабакка кечигип келген 9-класстын окуучусун мектеп директору таяк менен чапканы айтылып, чуу жаралган.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктаган маалымат боюнча,2024-жылдын 20-февралында Түп районунун 1966-жылы туулган тургуну арыз менен милицияга кайрылган.

Анда ал 2008-жылы туулган уулун мектеп директору Ж.К. кабинетине киргизип, сөгүп, денесине жаракат келтиргенине байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Арыз катталып, соттук-медициналык эспертиза дайындалган.

Териштирүүдө маалым болгондой, окуя болгон күнү директор сабак өтүп жатканда окуучу кечигип келген. Мектеп директорунун айтымында, окуучу сырткы кийимин чечпей, уюлдук телефонун чукулап отурганда ачууланып, чаап жиберген.

Кийинчерээк жергиликтүү тургундар айылда чогулуш уюштуруп, эки тарапты элдештирип, тартипке келтирген.

——————————————————-

2024-жылдын январь айында Ош облусунун Ноокат районунда билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен мектеп директорунун жыйын учурунда тартылган видеосу социалдык тармакка тараган.

Видеодон Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен мугалимдердин бири урушуп, мугалим ыйлап жатканын көрүүгө болот.

Бул боюнча Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн Turmush басылмасына комментарий беришкен.

Социалдык тармакка тараган видеодогу окуя 2024-жылдын 12-январында болгон. Мектеп жетекчилеринин кышкы усулдук окуусунда мектеп директорлорунан предметтик олимпиададан жана мектептин билим сапаты төмөн көрсөткүч көрсөткөндөгү боюнча маалымат алынган. Анда мектепте окуп жаткан 900 окуучудан бир да окуучу предметтик олимпиаданын райондук этабына өтпөгөнү сынга алган. Мындай көрсөткүч боюнча бир нече мектеп директору сын уккан.

«Бул учурда мектеп жетекчиси өзүн эмоционалдык абалга алдырган. Жогорудагы болуп өткөн окуядан кийин мектеп жетекчилерине эскертүү гана берилип, бирок бир да жетекчинин кызмат орду каралган эмес. Ал мектеп жетекчинин жеке аброюна эч кандай шек келтирилген эмес. Бул мектеп директору өзүн кармай албай ыйлап жибергиндигин айтып, кайра кечирим сураган», — деп айтылган маалыматта.

Ал эми Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Козуев директор экөө жыйындан кийин эле жарашып алышканын айткан болчу.

Аталган мугалим Кулатов айыл аймагындагы мектепте директор болуп иштейт. Ал атын жана мектептин аталышын жашыруу менен жумуш учурунда мындай талаш-тартыш болуп турарын айткаг. Директор видеону ким тарттырып, кандай максатта жайылтканын азыркыга чейин түшүнбөй жатканын, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен жыйындан соң жарашып алганын кошумчалаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE