Пример HTML-страницы

Лейлектин Алга айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы Алга айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

«Алга» орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы долбоордук баасы 116,6 млн сомду түзгөн. Тендердик чыгымы 102.2 млн сомду камтыган.

Курулуш иштерин «ИЛЕК Строй групп» компаниясы тарабынан аткарылган.

Юстиция министрлигинин маалымат базасында «ИЛЕК Строй групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору катары Жороев Исманали Эгембердиевич көрсөтүлгөн. Каттоодон 2015-жылдын 6-майында өткөн. Ишмердүүлүгү: турак жана турак эмес үйлөрдү куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE