Пример HTML-страницы

Кызы улгайган апасын бала кездеги таарынычтан улам таштап кеткен. Соцкызматкер Э.Кыдыралиеванын тажрыйбасы

Акыркы жанылыктар

TurmushКеминдик Элиза Кыдыралиева 13 жылдан бери социалдык тармакта үзүрлүү эмгектенип келет. Ал кезинде мугалим, паспорт столунда регистратор, райондук аскер комиссариатында жетекчинин жардамчысы болуп иштеп келген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Менин башкармалыкка келип, басып өткөн эмгек жолумда боор ооругудай, аянычтуу окуялар көп эле кездешет. Бир улгайган курактагы апабыз бар эле. Ал өз убагында сайрандаган доорду сүрүп, спирт ичимдиктерине берилип, кызын карабай кеткен экен. Ал кызы көрүнгөндүн колунда жүрүп чоңоюп, убагы келгенде, ал да энесинин жолуна түшүптүр. Бирок убагында түз жолго бурулуп, акылына келген экен. Ошол апабыз пенсиялык куракка жеткенде эч бир документи жок, пенсия ала албай калган. Өзү дагы бутун сындырып, төшөккө жатып калган. Айыл өкмөтү, мен дагы колубуздан келген жардамыбызды берип, апаны бактык. Мен Казакстан Республикасына паспорт стол аркылуу сурамжылоо катын жөнөттүрүп, паспортун бүтүрүп, карылык боюнча жөлөк пул чектеттирип бердим. Жалгыз кызына кайрылсам, жардам берүүдөн баш тартты. Себебин бала кезинде энесинин мээримин, тарбиясын көрбөгөнү менен түшүндүрдү. Ошентип, апабыз жалгыз үйдө баланын мээримине, жардамына муктаж болуп жатып калды. Ушул кишинин тагдыры мени терең ойлонтуп, кайгыга салган. Мен барып калганда кадимкидей жарпы жазылып, бапылдап сүйлөп, жаш кезиндеги окуялардан айтып калар эле. Бир четинен бооруң ооруйт, бир четинен ушул ахыбалга өзүнүн кенебестиги, турмушка кош көңүл карашы, убагындагы жеңил ойлуулугу алып келгенин эстеп, жиниң келет. Турмуштун оор ахыбалынан калган апабызды карылар үйүнө жиберели дегенибизге да көнбөй койду. Акыры, бул апабыз карылыкка моюн сунуп, жалгыздыктын азабын тартып, акыркы сапарга узады. Кандай гана өкүнүчтүү, талкаланган тагдыр! Эң аянычтуу, өкүнүчтүүсү — мезгилди артка түрүп, апабыздын тагдырын оңдой албаганыбыз… Мындай тагдырлар көп, бирок ар биринин жашоосу өзүнчө татаалданган турмуш. Ал эми бизди бир аз жеӊилдендиргени- аз да болсо апанын жашоосунун оңолушуна кошкон салымыбыз болду.

Биздин кызмат коомдо эң негизги ролду ойнойт. Биздин системада иштеген адис—юристтин, дарыгердин, укук коргоочунун, мугалимдин жана башка көп кесиптин милдеттерин бир эле учурда аткарат. Азыркы учурда кароодон калган карылар, ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдар, зомбулукка кабылган аялдар көбөйдү. Алардын баары биздин жардамга муктаж. Биздин кызмат эң керектүү, эң зарыл болуп саналат

Жогоруда адистиктерге улай, кээ бир адамдарга артист дагы болууга туура келет. Анткени кээ бир адамдар эмоционалдуу, ачуусу чукул болот», — деди ал.

Элиза айым өзүнүн кесибинин кыйынчылыгы менен жеӊилин, өзгөчөлүгүн айтып берди.

«Албетте, ар бир кесип ардактуу дейт эмеспи! Бирок биздин кесип эң түйшүктүү жана эң жоопкерчиликтүү десем жаңылышпайм. Биздин кесип сабырдуулукту, чыдамкайлыкты, мээримдүүлүктү жана да адамды сүйөө билүүнү талап кылат. Ошол себептен биздин кызматка баарына чыдаган, боорукер, үй-бүлөсүндө тылы күчтүү болгон, кесибин өзгөчө сүйөө билген адамдар гана иштейт. Себеби, айрым учурларда адистер түнкү убакытта РИИБ кызматкерлери менен чыгууга туура келет. Ал эми айрым учурда бизге оруну жок, себепсиз айтылган ачуу сөздөрдү угууга, каралбай калган же жанында турууга мүмкүн болбой калган, арактан көзү ачылбаган аракечтин өзүн, балдарын ылайыктуу жерге жайгаштыруу керек болот. Соцкызматкерлерибиз өздөрү тейлеген жалгыз бой карыларга керектүү учурда ишемби, жекшемби күндөрү дагы барышат. Кыскасы, биздин жумушта биринчи орунда кызмат турат. Айрым учурда кызматтан кол бошобой, балдарыбыз бала бакчадан убагында алынбай, тарбиячы үйгө алып кеткен учурлар дагы болгон.

Ошол эле учурда биз кылып жаткан эмгегибизден канчалаган алкыш, баталарды алабыз. Бир күндө бир эле жакшы иш бүтүрсөң — үйү жокко баш калкалоочу жай таап берсең же канча жыл бою ала албай жүргөн өзүнө тиешелүү пенсиясын же жөлөк пулун алып берүүгө себепкер болсоң, ошол күнү моралдык жактан канааттанып, өзүнө кадимкидей кошумча энергия, позитив аласың. Эртең менен эрте жумушка шашасың. Себеби, сенден адамдардын тагдыры көз каранды. Ал эми кечинде дагы жумуштан калып, эртеңки сага келе турган адамдын документтерин бүтүрүп, даярдап койгуң келет. Ишим калып калат деп, ооруганга көрүнүүгө дагы шарт туура келбей калат. Тойдо жүрсөк дагы, колдон телефон түшпөйт. Себеби, кызматка тиешелүү ачылган WhatsApp тайпага кеңеш алуу үчүн суроолор жамгырдай жаап турат. Аларга тез арада кыска, нуска жооп берүү зарыл, көйгөйүн жеринде чечип, туура багыт бериш керек. Кыскасын айтканда, биздин кызмат — биздин жашоо, биздин өмүр», — деди ал.

Кыдыралиева Элиза Салыбековна 1969-жылы Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. 1997-жылы Билим берүү министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү институтун орус мектептеринде кыргыз тил мугалими адистиги боюнча бүтүрүп, 2015-жылы кызматына байланыштуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтун социалдык иш адистиги боюнча аяктаган.

«Токмокто төрөлгөнүм менен балачагым көбүнчө таята-таенем жашаган Чүй облусунун Чон-Кемин өрөөнүндө өттү. Жолдошум Таштанбек №352 Кемин—Бишкек каттамында айдоочу болуп иштейт. Эки кызым турмуш жолунда, балдары бар. Улуу уулум Бишкек шаарындагы компьютер салонунда оператор болуп иштейт. Кичүүсү 7-класстын окуучусу.

Алгачкы эмгек жолумду 1991-жылы Кемин районундагы Новороссийка орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп баштагам. Андан Лесхоз орто мектебине которулуп, ал жерде 1995-жылга чейин иштедим. 1998-жылдан 2001-жылга чейин Кемин паспорт столунда регистратор, 2001-жылдан 2004-жылга чейин Кемин райондук аскер комиссариатында 4-бөлүмдүн жетекчисинин жардамчысы, 2007-2009-жылдары ушул жерде 1-бөлүмдүн жетекчисинин ага жардамчысы болуп эмгектендим. 2009-жылы Кемин райондук социалдык коргоо башкармалыгына социалдык кызматкер болуп киргем. Менин милдетим — жалгыз бой карылар менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды камкордукка алып, алардын үйүн жыйнап, тамагын жасап, дары-дармек, азык- түлүгүн жеткирип, кыскасы эмнеге муктаж болсо, ошолорду аткарып, социалдык тейлөө менен камсыз кылуу болгон. 2011-жылы башкармалыкта жетектөөчү адис, 2015-жылдан бери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү бөлүмүнүн башкы адисимин.

Ушул башкармалыкта иштегенден бери үзүрлүү эмгегим, районубуздун аярлуу катмары менен иштөөдө кошкон салымым жана башкармалыктын профсоюз уюмунун төрайымы катары иштеген кызматым үчүн көп эле сыйлыктардын ээси болдум. КРдин өкмөтүнүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, КР дин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин борбордук комитетинин профсоюзунун ардак грамоталары менен сыйлангам. 2021-жылы «Социалдык коргоонун отличниги» төш белгисинин ээси болдум.

Бош убактымда ырдап, балдарыма таттуу тамактардан жасап бергенди жакшы көрөм. Китеп окуганды абдан жакшы көрчү элем. 80-жылдары мектепте окуп жүргөндө почта аркылуу буйрутма берип алчумун. Азыр тилекке каршы, убакыт жок. Жакшы кинолорду көрөм, балдарым менен маектешкенди жакшы көрөм. Келечектеги максатым — мекенибизге талыкпай кызмат кылуу, «Мамлекеттик кызматтын отличниги» төш белгисинин ээси болуу», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE