Пример HTML-страницы

Кыргыз-казак чек арасында «Хонда Стэпвагон» унаасын алып келе жаткан жигит кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районундагы «Чалдовар — унаажол» өткөрмө пунктунан аткезчилик жолу менен алынып келе жаткан унаа токтотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 19-июлунда «Хонда Стэпвагон» үлгүсүндөгү унаа Кыргызстанга кирип келе жаткан жеринен Панфилов РИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан токтотулган. Унаанын документин текшерген учурда номуру жана транспорт каттоо күбөлүгү жасалма экендиги аныкталган.

Айдоочу — 1998-жылы туулган Д.С. Панфилов РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп, унаа убактылуу токтоочу жайга токтотулду.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE