Пример HTML-страницы

Кык аралашкан суу менен чоңдордун үрөйүн учуруп, Т.Усубалиевге жолуккан Алымкул карыя

Акыркы жанылыктар

TurmushСокулук районунун 73 жаштагы тургуну Роза Алымкулова ыр жазып, кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал айыл элине эмгеги сиңген атасы Алымкул, карачай кызы — апасы Зухура тууралуу айтып берди.

«Атам — Алымкул, апам — Зухура. Апам карачай улутунан болот. Тага журтум согуш маалында Кавказдан жер которуп, көчүп келишкен экен. Атам апамды ошондо жактырып калып, колун сурап, баш кошушуптур. Анда согуш маалы экен. Менден улуу эки агам өтүп кетиптир. Анан мен төрөлдүм. Менден кийин 12 жыл балалуу боло албай жүрүштү. Андан кийин бир уул, бир кыз төрөлдү.

Ата-энем өмүр бою Сокулук районунун Кара-Сакал айылында жашашты. Атам активист, эл сыйлаган киши болгон экен. Ал аскерге барып келип, колхоздо темир-жыгач уста болуп иштеген. Кезинде Ак үйгө чейин кирип, кадимки Турдакун Усубалиевге жолугуп, айылга электр жарыгын, таза суу тарттырып, радио чубалгысын алып келдирген дейт. Таза сууну деле оңой бере коюшпаптыр. Алыштан кык аралашкан сууну идишке куюп барып: «Мына ушундай суу ичип жатабыз» деп, чоңдордун үйөрүн учуруптур. Ошондон кийин таза суу долбоору ишке ашыптыр.

Бир окуяны айыл эли айтып жүрөт: Кара-Сакал деген айылды толугу менен Маловодный айылына көчүрмөк болушат. Атам буга каршы чыгыптыр. Өкмөт каршы чыкпасын деп, атама ошол Маловодный айылына бекер үй салып беришкен экен. Ага да болбой, көчпөй койгон экен. Айылдан 24 гана үй-бүлө көчүп, калганы атамдын сөзү менен бир болуп, көчпөй коюшкан дешет. Ошентип Кара-Сакал айылы жоюлбай калган. Атам дагы, апам дагы чыгармачыл кишилер болгон. Атам комуз чертип, апам аккордеон ойночу экен. Атам 88 жашка чыгып каза болду. Бизге татыктуу тарбия берген ата-энебизге ыраазыбыз.

Атам-энем үчөөбүз түшкөн сүрөт 1954-жылы тартылган. Анда атам 29, апам 26 жашында экен. Мен 4 жашта болчумун», — деди ал.

Каарманыбыз 1950-жылы 23-апрелде туулган. Учурда 3 кыз, 1 уул, 16 небере, 9 чөбөрөсү бар.

«Жолдошум өтүп кеткен. Мен турмушка чыкканга чейин фамилиям Алымкулова болчу. Турмушка чыккандан кийин Роза Айнебекова болуп, жолдошумдун фамилиясын алгам. Өзүм болсо Сокулуктун Кызыл-Туу айылындагы мектептин 8-классын аяктагам. Андан кийин поезд коштоочусу (проводник) боюнча 6 айлык курстан билим алып, бир аз иштеп калдым. Кийин фабрикада, андан кийин «Победа» колхозунда малчы, кызылчачы болуп иштедим.

Ата-энемди тартып, баарыбыз музыкага шыктуубуз. Инилерим дагы, уулум дагы музыкалык билими жок эле музыкалык аспаптарда ойной алышат. Мен ыр жазып, обон чыгарам. Мектепте окуп жүргөндө ырларым гезиттерге чыгып жүрдү. 1983-жылы фестивалга катышып, 300 кишинин ичинен 12 киши өткөнбүз. Үч ырым менен катышып, утуп алгам. 2016-жылы «Жүрөгүмдөгү сезим ырга айланган» деген китебим чыкты.

Курак курап, туш кийиз сайчумун. Үйдө тигүү цехте иштеп жаткам. Бирок, көзүм ооруп, операцияга даярданып жүрөм. Ден соолук болсо, ата-энемен калган өнөрдү улап, чыгармачылык менен дагы да иштейм деген максаттарым бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE