Пример HTML-страницы

Конькини кантип туура тебүү керек?

Акыркы жанылыктар

TurmushКышкы спорт түрлөрүнүн бири — коньки тебүү. Аны тебүүдө ар кандай жаракаттарды алып калбоо үчүн туура тебүүнү үйрөнүү керек. Конькини кантип туура тебүү керектиги жөнүндө Кочкор райондук балдар-уландар спорт мектебинин машыктыруучусу Кубат Сатаров аймактык кабарчыга айтып берди.

«Жаш балдарды коньки тебүүгө үйрөтүүдө башына шлем кийгизүү зарыл. Бирок айыл жеринде андай шарт жок болгондуктан, калың кийим кийгизип, муз аянтчасына алып бара берсе болот. Бала муздун үстүнө жыгылганда эттин жанчылып кетүүсүнөн, чоюлуп калуусунан сактайт. Коньки тебүү алдында 10 мүнөт чуркап, кызыл ашыкка көнүгүү жасоо зарыл. Эч кандай денени жибитпей туруп коньки тээп жыгылып кетсе, жаракат алат. Кочкордо муз тебүүчү аянтта коньки тебүүнү үйрөнүп жаткандар үчүн тең салмакты кармоо үчүн чаналар бар. Ошолорду да колдонсо болот. Жаңы үйрөнүп жаткан балага бутту туура шилтөөнү жана туура жыгылганды үйрөтүү да керек. Жыгылып бара жатканда эки колду бооруна кысып, булчуңдарды иштетүү зарыл. Колу менен таянып калса, ийиндерге жана чыканакка күч келет же жаракат алып калат.

Кандай гана спорттун түрү болбосун ден соолукка пайда. Коньки тебүүдө бут кийим өтө зарыл. Коньки тебүү — бул көп калорияларды күйгүзө турган спорттун бири. Ооба, башкача сезилиши мүмкүн. Бирок ал велосипед тебүү, ал түгүл чуркоо сыяктуу таасирдүү спорт түрлөрү менен атаандашат деп айтса болот. Үйдөн чыгарда дайыма эле бирдей импульс бере бербейбиз. Бирок бир саат коньки тепсеңиз, 300дөн 500гө чейин калория жоготкон болосуз. Коньки тебүү — тең салмактуулукту да, рефлекстерге болгон жөндөмүбүздү да жакшыртат. Сиз тарамыштарды бекемдейсиз. Алар бизге булчуңдардын жыртылыштары же спазмдары сыяктуу жаракаттарды азайтууга жардам берет. Бул спорттун түрүндө бут кийим башкы ролду ойнойт. Бут кийимдин кончу кызыл ашыктан жогору болуп, туура көлөмдү тандоо жана конькинин темири курч болушу зарыл. Мокок коньки менен муз тебүү кооптуу. Өз учурунда курчутуп туруу керектелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE