Пример HTML-страницы

Кеминдеги каргаша: 6 адамдын өлүмүнүн чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку соттун соттук коллегиясы Чүй облусунун Кемин районундагы жол-транспорт кырсыгы боюнча жаңы чечим кабыл алды. Тиешелүү токтом 2023-жылдын 12-декабрында кабыл алынды.

Жогорку соттун акыркы токтому менен жол кырсыкка айыпталган айдоочу 6 жыл 9 айга эркиндигинен ажыратылды.

Turmush 2021-жылы 22-июлда Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында «Хонда Степвагон» менен «Мицубиси Паджеро» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталганын жазган.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 22-июлда саат 22:30 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы болгон. 1975-жылы туулган айдоочу И.Т. «Мицубиси Паджеро» унаасын батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жатып, «Хонда Степвагон» унаасы менен кагышкан. Аны 1996-жылы туулган Р.С. чыгыштан батышты карай башкарып бара жаткан.

Жол кырсыгынын кесепетинен окуя болгон жерден «Хонда Степвагон» унаасынын айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү көз жумган. 23-июлда эртең менен ушул эле унаанын дагы 2 жүргүнчүсү аймактык ооруканада көз жумганы белгилүү болгон. Андан тышкары «Хонда Степвагондун» эки жүргүнчүсү ар кандай жаракат менен аймактык ооруканага түшкөн.

«Мицубиси Паджеро» унаасынын айдоочусун спирт ичимдигин ичкени же ичпегени боюнча медициналык кароодон өткөрүү учурунда ал — 1975-жылы туулган И.Т. мас абалда болгону аныкталган.

Жол тандабастын айдоочусуна Жазык кодексинин (эски редакция) 297-беренеси (жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу), 135-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (этиятсыздыктан киши өлтүрүү) менен айып тагылган.

Соттук-эксперттик кызматтын корутундуларына ылайык, жол тандабастын айдоочусу Жол эрежелеринин 9.4 пункттун бузган.

Калктуу конуштардан тышкары, ошондой эле калктуу конуштардагы 5.1 же 5.3. белгилери менен белгиленген жана 80 км/сааттан ашык ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берилген жолдордо транспорт каражаттарынын айдоочулары мүмкүн болушунча жүрүүчү бөлүктүн оң четин жакын айдоого тийиш. Оң жактагы тилкелер бош турганда сол тилкелерди ээлөөгө тыюу салынат.

Калктуу конуштарда ушул пункттун жана Эрежелердин 9.5, 16.1 жана 24.2-пункттарынын талаптарын эске алуу менен транспорт каражаттарынын айдоочулары өздөрү үчүн кыйла ыңгайлуу кыймыл тилкесин пайдалана алат. Тилкени солго же оңго буруулар, артка кайрылаар, озуп өтөөр же токтоор алдында гана алмаштырууга уруксат берилет.

Бирок бир багытта үч же андан ашык тилкедеги кыймылы бар ар кандай жолдордо четки сол тилкени башка тилкелер бош болбогон учурда катуу жүрүп баратканда гана, ошондой эле озуп өтүү, солго бурулуу же артка кайрылуу үчүн, ошондой эле уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашык болгон жүк ташуучу автомобилдерге — солго бурулуу же артка кайрылуу үчүн гана ээлөөгө жол берилет. Токтоо же токтоп туруу үчүн бир тараптуу кыймылы бар жолдордун сол тилкесине Эрежелердин 12.1-пунктуна ылайык чыгууга жол берилет.

Бир тилкедеги транспорт каражаттарынын анын жанындагы тилкеде бараткандардан катуу ылдамдык менен жүрүшү озуп өтүү деп эсептелбейт.

Айыпталуучу Т.И. Кемин районунда туулган, билими жогорку, тиш дарыгер, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес.

Кырсыктан улам 1996-жылы туулган Р.С.Ж., 1965-жылы туулган М.Г.Ш., 1965-жылы туулган К.Г.О., 1986-жылы туулган Б.М.Т., 1983-жылы туулган Т.А.А., 1994-жылы туулган А.М. каза болгон. Мындан тышкары 1952-жылы туулган А.Б. жана 1982-жылы туулган А.К. оор жаракат алышкан.

Айыпталуучу коюлган айып боюнча күнөөсүн мойнуна толук алган. Анын айтымында, 2021-жылдын 22-июлунда Кемин шаарында таанышы менен 1 бөтөлкө арак ичип, кечки саат 21:00 чамасында өзүнө тиешелүү унаасы менен Шабдан айылына жөнөгөн. Орто жолдон уктап кетип, көзүн ачканда ооруканада жаткандыгын билген.

Сотто айыпталуучу жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлдөрүнөн кечирим сурап, аларга 50 000 сомдон төлөп бергенин, калганын дагы таап берерин айтып, эркиндигинен ажыратпаган жаза аныктап берүүнү сураган.

Кемин райондук сотунун 2022-жылдын 19-апрелиндеги өкүмү менен айдоочу Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 297-беренеси (жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) жана Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (этиятсыздыктан эки же андан көп адамды өлүмгө алып келүү) боюнча күнөөлүү деп табылган.

Ал Жазык кодексинин 297-беренеси боюнча 3 жыл 5 айга эркиндигинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча 3 жыл 5 ай эркиндигинен ажыратылып, эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренеси боюнча белгиленген жазаларды толук кошуу менен биротоло 7 жылга эркиндигинен ажыратылып, эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылган.

2021-жылдын 26-августунан баштап алдын ала камактагы бир күнү өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин эркиндигинен ажыратылган бир күнгө барабар деп эсептелинген.

Чүй облустук сотунун соттук коллегиясынын 2022-жылдын 9-августундагы өкүмү менен Кемин райондук сотунун 2022-жылдын 19-апрелиндеги өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

Чүй облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 4-августундагы аныктамасы менен жактоочунун кылмыш ишин жаңы жагдай боюнча карап берүү өтүнүчү канааттандырылып, Кемин райондук сотунун 2022-жылдын 19-апрелиндеги жана Чүй облустук соттук коллегиясынын 2022-жылдын 9-августундагы өкүмдөрү өзгөртүлгөн.

Айдоочунун 2021-жылдын 26-августунана баштап 2022-жылдын 9-августуна чейин камакто болгон бир күнү эркиндигинен ажыратуунун эки күнүнө барабар эсептелинип, соттук актылардын калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылган.

Жогорку соттун токтому менен Чүй облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 4-августундагы аныктамасы өзгөртүлдү.

Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 78-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, айдоочуга белгиленген жазалар жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 6 жыл 9 айга чейин төмөндөтүлдү.

Соттук актынын калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE