Пример HTML-страницы

Казактардан түрк инвесторлоруна өткөн Кадамжай сурьма комбинатынын карызы 458 млн сомго жетти

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай сурьма комбинатынын карызы 458 млн сомго жетти. Бул боюнча Кадамжай районунда 6 айлыктын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында маалым болду.

Көрсөтүлгөн карыз — салык, электр энергиясы жана башка айлык акы сыяктуу ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдүн төлөмдөрү төлөнбөй, көп жылдан бери карыздын суммасы көбөйүп кеткен.

  • 2022-жылдын 25-январында Кадамжай сурьма комбинатынын ишмердүүлүгү менен таанышууга президент Садыр Жапаров барган.

Анда айына 30-40 тоннага жакын көлөмдөгү металл сурьма чыгарып жаткан Кадамжай сурьма комбинаты, айлык көрсөткүчтү 200 тоннага жеткирүүнү пландалып жатканы, суткасына орто эсеп менен 600-700 тонна кен казылып алынса, келечекте 1000 тоннага жеткириле турганы айтылган.

Маалыматта айтылгандай, металлургиялык заводдон тышкары комбинаттын өндүрүштүк бөлүмдөрүнө көмөкчү цехтер, фабрикалар жана негизги өндүрүштү тейлөөчү участоктор кирет.

Жапаров жамаат менен жолугушуп, мамлекет өнөр жайды өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүп, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого күч-аракетин жумшап жатканын белгилеген.

  • Сурьма комбинатын казакстандык ишкерлер 2005-жылы сатып алган. Алар комбинаттын сегиз миллион долларлык карызын төлөөгө жана 11 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция салууга убада беришкен. Бирок комбинаттын карызы көбөйүп, жалпысынан 180 миллион сомдон ашык бересе болуп калганы кабарланган. 2016-жылдан баштап комбинатта иш дээрлик аткарылган эмес. 2020-жылы жайында Кадамжай сурьма комбинаты Жогорку соттун чечими менен банкрот деп табылган. 2021-жылы түркиялык «Дуваташ» фирмасы менен инфестициялык келишим түзүлгөн.

«Дуваташ» фирмасынын аты Кадамжай сурьма комбинаты менен Айдаркен сымап комбинаттарына башкы инвестор катары аталып келет. Салык кызматы жарыялаган тизмеге ылайык, ишкана 2022-жылдын февралына карата салык боюнча 44 мл сом карызы менен топ-10 тизмесине кирген.

Сүрөттөр 2018-жылдын апрель айында тартылган.

Кадамжай сурьма комбинаты 1936-жылы ишке киргизилген. Тарыхый жактан алганда, комбинат металл сурьманы өндүрүү боюнча СССРдеги эң ири завод болгон.

1991-жылга чейин өндүрүш жылына 17 миң тоннага жеткен (дүйнөлүк өндүрүштүн 10 пайызы). Өнөр жай комплексинин продукциясы металл сурьмасынын жана анын кошулмаларынын 14 түрү менен берилген. Кадамжай сурьма комбинатынын ачылышы менен СССР сурьманы импорттоодон баш тартып, толугу менен өзүнүн өндүрүшүнө өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE