Пример HTML-страницы

Караколдо башаламан соода кылгандар дагы 1 жыл убакыт сурап жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын «Ак-Тилек» базарынын айланасында чар-жайыт соода кылынган жер тийиштүү кызматтар тарабынан бошотулуп жатат.

Мындан улам бүгүн, 28-март күнү Каракол шаарынын мэриясында «Ак-Тилек» базарынын айланасында соода кылгандар менен Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Рыскул Сагымбаев жолукту, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жолугушууга келгендер базардын айланасында соода кылуу үчүн дагы 1 жыл уруксат берүүнү суранып, жаңы жерге көчкөндө кардарларды жоготуп алышарын айтышты.

«Баарыбыз бала багабыз, насыя төлөйбүз. Арабызда батирде жашагандар да бар. Жаңы жерге кардарлар барбайт. Дагы 1 жылга «Ак-Тилек» базарынын айланасында соода кылып турууга уруксат бергиле. Насыяларды төлөп бүтүп, анан көчөбүз», — дешти алар.

Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Рыскул Сагымбаев 1 жыл мурда жол жасалып жаткан кезде соодагерлер 1 жылдык мөөнөт сурашканын, алар койгон талаптар аткарылганын белгиледи.

«Бир жыл мурун «биринчи жолду жасагыла, арыктарды иреттегиле, бизге орун таап бергиле, анан биз 1 жылдан кийин көчөлү» деп айткансыздар. Ал жерде жол жасалып, арыктардын баары иреттелди. Калаа болгондон кийин тартип керек. Сиздерге да соода кылууга орун таап бердик. Ал жерде соода кылып баштасаңар, эл көнөт. Бөлүнгөн жер базарга жакын турган көчө, өтө алыс көчкүлө деген жокпуз. Шаарыбызды иретке, тартипке келтирели», — деди ал.

Талаш-тартыштан кийин Орозо айы бүткөндө маселе кайра карала турган болду. Ага чейин тынчтыкты сактоого эки тарап тең макулдугун берди.

Соодагерлерге бөлүнүп берилген орун базардын жанындагы Арбат көчөсүндө жайгашкан. Анын жарымына «Ак-Тилек» базарынын айланасында соода кылгандар, жарымына жашылча саткандар көчүрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE