Пример HTML-страницы

Карагандар жыш өскөн аймакка Баткендин Кара-Токой айылы негизделген

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районундагы Кара-Токой айылынын аталышы жыш өскөн карагандарга байланыштуу. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын тактады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, эл ичинде айылды Калдар деп аталган топ түзгөндүгү айтылып келе жатат. Ошол топто 7 бир тууган болгон. Алар 9 км жерди казып, суу чыгарат. Ошондон улам айыл алгач Калдар-Коргон атка конот. Кийинчерээк бул ат унутулуп, айылды четинен өтүүчү Сох дарыясынын жээгинде жык жайгашкан карагандардан улам Кара-Токой атап башташкан. Себеби жыш карагандар кара токойдой болуп көрүнөт. Кийинчерээк айылга калмак, кыпчак, найман урууларынын өкүлдөрү келип отурукташып калган.

Экинчи уламышка караганда, бир убакта айылдагы найман уруусу Раватка өтүп кетет. Бирок айылда 5-6 үй-бүлө калат. Алар айылдагы жыш жайгашкан токойдун бүт баарын кесип жок кылат. Анын ордуна айдоо аянтына ылайыктуу жер кылып, дыйканчылык менен алектенет. Кийин аларга калмак, кыпчак уруулары келип кошулуп, айыл түптөлө баштаган.

Учурда айылда 1000ден ашык адам жашайт. Айылда 1 мектеп, ФАП жайгашкан. Айылдын четинен Сох дарыясы өтөт. Элеттиктер мал чарба жана дыйканчылык менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE