Пример HTML-страницы

Кара-Суудагы «Достук» бекетиндеги таксисттерге жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоону эскертишти

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

ОИИБдин маалыматы боюнча, техникалык көзөмөлдөө тобу Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан «Достук» чек ара постунун аймагынан Ош—Кара-Суу, Ош—Аэропот каттамдарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген такси айдоочуларына кошуна мамлекеттен келген жарандарга сылык мамиле жасоо, айдоочулук маданятты кармануу, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, өз учунунда транспорт каражаттарды текшертүү, жүргүнчүлөрдү ташууга керек болгон документтерди толуктоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Акыркы учурларда социалдык тармактар аркылуу «Достук» чек ара постунун аймагында жүргүнчүлөр тарабынан таксисттердин дарегине карата бир топ нааразычылыктар пайда болууда. Бул багытта Ош ОИИБдин жетекчилиги тарабынан жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо, укук бузуулардын алдын алуу жана мыйзамга каршы аракеттерге бөгөт коюу боюнча комплекстүү ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE