Пример HTML-страницы

Кара-Көлдөгү жол кырсыктан кийин айдоочунун жубайы жандандыруу бөлүмүнө түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен аял киши оор жаракат алды.

Turmush басылмасынын кабарчысынын маалыматы боюнча, 29-июлда саат 14:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 355-чакырымында, тактап айтканда Көк-Бел участкасынан өтүүчү тилкеде Бишкек багытында бара жаткан «Фольксваген Венто» унаасы Токтогул суу сактагычына бурулуп жатканда артынан келе жаткан «Мерседес Бенц» сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен «Фольксваген» унаасынын айдоочусунун жубайы оор жаракат алып, Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлердин практикалоо борборунун жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ошондой эле айдоочу 40 миң сом материалдык чыгым тарткан.

«Фольксваген» унаасынын айдоочусу Сузак районунун, ал эми «Мерседестин» айдоочусу Базар-Коргон районунун Могол айылынын тургуну экени маалым болду.

Тиешелүү кызматтар бул кырсык боюнча айдоочулардын бири-бирине доосу жок экенин жана эч ким жаракат албаганын билдирген.

Ал эми Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борбору тастыктаган маалымат боюнча, жол кырсыктан «Фольксвагендин» айдоочусунун жубайы жаракат алган. Ал — Сузак районунун 1976-жылы туулган тургуну Т.А. Анын мээси жабыркап, оң жамбашы сынып жана башка жаракаттарды, үчүнчү даражадагы травматикалык шок алган. Бейтап облустук ооруканага которулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE