Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө волейбол жана футбол боюнча республикалык турнир өттү

Акыркы жанылыктар

Turmush18-19-ноябрь күндөрү Кара-Көл шаарында волейбол жана футбол боюнча республикалык турнир өттү.

Маалым болгондой, аталган иш-чара бир тууган Тыныч жана Жыргал Бопошовдордун жаркын элесине арналып уюштурулду. Мелдеш быйылкы жыл менен 25чи ирет өткөрүлүп жатат.

Волейбол боюнча 10 команда таймашты. Ал командалар Ат-Башы, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Чаткал райондорунан, Ош шаарынан жана Кара-Көл шаарларынан келишти. Бул турнирге волейбол боюнча республикалык жогорку лигадагы ойногон командалар да катышууда. Жергиликтүү бюджеттен аталган республикалык турнирге 70 миң сом каражат бөлүнүп берилсе, маркум Тыныч менен Жыргалдын туугандары жана достору тарабынан да акча каралган. Жарым финалга 4 команда чыгып, финалда Оштон келген «Университет» командасы менен Кара-Суу районунун командасы беттешип, 1-орунду Оштун «Университет» командасы ээлеп, 25 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. 2-орунду Кара-Суу районун командасы ээлеп 20 миң сом, 3-орунду Кара-Көл шаарынын командасы 15миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Мындан сырткары кичи футбол боюнча Кара-Көл шаарындагы мекеме, ишканалардан 10 команда күч сынашып, 1-орунду №7706 аскер бөлүгүнүн командасы ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE