Пример HTML-страницы

Кара-көлдүк 7 окуучу менталдык арифметика боюнча олимпиадада байгелүү орундарды алды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы 7 окуучу менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарды алды. Бул тууралуу Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачыл үйүнүн жетекчиси Гүлжан Бердимуратова билдирди .

Анын айтымында, «Мугалимдин усулдук кейси» республикалык турунда 3-орунду алган жеңүүчүсү Дамира Чеченбекова жетектеген «Менталдык арифметика» ийримине катышкан 7 окуучу «General FOC Kazakhstan» олимпиадасына катышты. Олимпиада Казакстан Республикасы тарабынан 4-5-январь күндөрү Бишкек шаарында уюштурулду.

«Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстандан жалпы 88 бала катышып, олимпиада эки форматта, эки жаш куракта өткөрүлдү. Экрандык форматка жалпы 88 бала, жазма форматка 30 бала катышты», — деди ал.

Жеңүүчүлөр:

— Жумашев Бекболсун — 1-орун;

— Эмилбеков Байтилек — 1-орун;

— Нурбеков Актан — 1-орун;

— Эркинбекова Арууке — 2-орун;

— Эркинбеков Умар — 2-орун;

— Нургазиева Раида — 3-орун;

— Калдыбаев Нурэл — 3-орун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE