Пример HTML-страницы

Кара-Бууранын Аманбаев айыл аймагында өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн имараты салынып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Буура районунун Аманбаев айыл аймагында өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн имараты курула баштады.

Маалым болгондой, ага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков катышты.

«Жыл башында өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Бүгүн минтип аталган имараттын курулушуна капсула салуу аземи болуп отурат.

Мындан тышкары президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине сиздерге түздөн түз тийиштүү болгон Аманбаев–Түз–Ашуу–Ташкент тоннелин тешүү боюнча тапшырма бергенин уктуңуздар. Кудай кааласа бул ири долбоор боюнча келерки жылдары аракеттер көрүлөт. Аманбаев айылынан Шекер айылына газ тартуу боюнча иштер колго алынат», — деди Нарбеков.

Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн имараты 2 кабаттан туруп, ага эки өрт өчүрүүчү унаа жана диспетчердик пункт жайгашат. Ошондой эле куткаруучулардын жана офицерлердин окуу бөлмөлөрү жана жатаканасы да каралган. Азыркы тапта, Кара-Буура өрт өчүрүү бөлүмү эң алыскы айыл болуп эсептелген Кайнар айылынан 56 чакырым алыстыкта жайгашса, долбоор аягына чыккандан кийин бул аралык 30 чакырымга кыскарат. Долбоор Талас облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, аталган максаттарга 8 миллион 600 миң сом бөлүнүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE