Пример HTML-страницы

Кара-Балта шаарындагы паспорт столунун имараты калкты тейлөө борборуна айланат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда калкты тейлөө борборунун курулушу башталды.

Жайыл районунда калкты тейлөө борборунун жоктугу калктын да, паспорт столунун кызматкерлеринин да курч көйгөйлөрүнүн бири болгон. Паспорт столунда дайыма узун кезек болуп турчу.

Алты кызматкер райондун калкын тейлөөгө араң үлгүрүшөт. Бул жерге күнүнө 500гө чейин адам келет.

Айрым тургундар паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү жана башкаларды алуу үчүн Панфилов жана Москва райондорунда жайгашкан башка калкты тейлөө борборлоруна кайрылууга аргасыз болушчу.

Кара-Балта шаарында калкты тейлөө борборун ачуу үчүн бийликке 1,5-2 жыл талап кылынды. Ал эми келерки аптада паспорт столунун имаратын оңдоп-түзөө иштери башталат.

«Жайыл районундагы калкты тейлөө борборунун имаратын реконструкциялоого жана кайра курууга байланыштуу 2023-жылдын 2-октябрынан тартып паспорт столу «Кыргызтелеком» ААК имаратында (шаардын төмөнкү бөлүгү) убактылуу жайгаштырылат», — деп билдирди каттоо бөлүмүнөн.

Долбоорго ылайык, паспорт столун чоңойтуу жүргүзүлөт. Калкты тейлөө борборунун кире бериш жери жылдырылат — ал имараттын түштүк тарабында жасалат. Ошондой эле жер бетондолуп, кирүүчү жолдор жана унаа токтотуучу жайлар орун алат.

Калкты тейлөө борборун оңдоп-түзөө иштери эки этап менен жүргүзүлөт. Кара-Балта шаардык мэриясы биринчиси имарат бошотулгандан кийин 40 жумушчу күндөн кийин бүтөт деп убада кылууда.

«1-этап азыркы паспорт столунун имаратын реконструкциялоону камтыйт. Бул үчүн шаардык бюджеттен 5 542 581 сом каралган. Реконструкциялоонун экинчи этабы биринчиден кийин дароо башталат», — деп билдирди мэрия.

Ошондой эле эне жана бала бөлмөсү орун алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE