Пример HTML-страницы

Кара-Балта шаарында 20 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында 20 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды.

Айрым маалыматтар боюнча, ал асынган абалда табылган. Д.А.ны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 27-мартта өттү.

Turmush басылмасына маалым болгондой, Д.А. май айында 21 жашка чыкмак.

Ал үйүнүн жанындагы дүкөндөрдүн биринде иштечү. «Кечээ кечинде Д.А.ны жумушунан бир тууган агасы тосуп алган. Ал күтүүсүз жерден апасынын жанына жатууну суранып, эртең менен кыз өз жанын кыйганы белгилүү болгон», — деп билдирди өздүк булактар.

Колдо болгон маалыматтарга караганда, маркумдун атасы жаш жигитти өлүмгө алып келген ур-токмокко катышкандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Айрым маалымат булактары боюнча, Д.А. атасынын ишине байланыштуу депрессияда жүргөн.

————————-

Буга чейин белгилүү болгондой, 2021-жылы 12-октябрда Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн Кара-Балта шаарынын 24 жаштагы тургуну Ж.М. оор жаракат алып түшкөнү тууралуу билдирүү келген. Ал эми 19-октябрда ал алган жаракатынан улам өзүнө келбей ооруканада көз жумган.

Бул факт Жазык кодексиндеги 138-берененин (ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ж.М. Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринде тааныштары тарбынан сабалганы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары 3 адам: 24 жаштагы А.И., 1990-жылы туулган Т.В., жана 52 жаштагы А.Ш. кармалган.

Маркум жигит атасы каза болгондон кийин чоң энеси менен чогуу жашап жаткан. Апасы Казакстанга кетип, ошол жакта жашайт. Жигит үйлөнүүнү пландап жаткан.

Анын жакындары 2021-жылдын ноябрь айында Жайыл райондук прокуратурасынын имаратына нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар жигитти сабаган бардык адамдарды кармап, жаза берүүнү талап кылышкан.

2023-жылдын декабрь айында Turmush басылмасына Чүй облусунун Жайыл райондук соту кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын бирине өкүм чыгарганын жазган. Кеп 52 жаштагы А.Ш. — өз жанын кыйган кыздын атасы тууралуу болуп жатат.

Сот аны абакка кескен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE