Пример HTML-страницы

Каныкей Исламидинова өз үйүндө орус тили ийримин ачып, чек арадагы балдарды окутууда

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Өзбекстан менен чектеш Кара-Токой айылынын тургуну Каныкей Исламидинова балдарга орус тилин үйрөтүп жатат. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда жолдошу Россияда эмгектенсе, өзү айылдагы бала бакчада мугалим. Кесиби боюнча орус тилчи мугалим. Бирок маянанын аздыгынан буга чейин бир канча киреше булактарын издеп көргөн.

«Буга чейин киреше булагын издеп, ар тарапта изденип көрдүм. Башта дыйканчылык, малчылык, өрүк сатып алып кургатып жүрдүм. Анан азыр санариптешкен заман болуп калды. Окуйм деген дагы көп, окутуучулар да көп.

Мага башында балдарга орус тилин үйрөтүү боюнча ата-энелерден сунуш түшкөн. Өзүм орус тилин жакшы билем. Россиянын Санкт-Петербург шаарында окугам. Анан ата-энелер, колу-коңшулардын, жакындардын сунушу менен атайын орус тили ийримин ачтым. Кара-Токой айылынан сырткары кошуна Ширеш айылынан да балдар келишет. Коомдук унаалар менен каттап окушат. 3 тайпабыз бар. Жумасына 3 күн 1 саттан сабак өтөбүз. Алардын жаш курагына карата бөлүп алгам. Бир үй-бүлөдөн 2-3 баладан келгендерге арзандатуу кылып, бонус сыяктуу жеңилдиктерди карап, азыр жалпы 20 баланы окутуп жатам.

Биздин балдар шаардагыдай каалаган курстарга окуй албайт. Сабактан кийин бош убактыларын мал кароо же башка иштер өткөрүшөт. Азыр ушул үйүмдүн бир бөлмөсүнө ноутбук, проектор такта алып, шарттарды түзгөм.

Мындан сырткары өзүм бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенем. Албетте маяна жарытарлык эмес. Мындан улам бул курс мага каржылык жактан пайда алып келди. Албетте, бул курсту ачарда психологдордон сабак алып, анан да каржылык сабаттуулугумду жогорулаттым. Ишимди 2023-жылдын март айында баштадым. Жолдошум Россияда мигрант болуп жүрөт. Буга чейин мен да миграцияда эмгектенип жүрдүм. Азыр эми 3 балам менен үйдөбүз. Күнүмдүк жумуштарды аткарып, сабактан соң балдарды күтөм», — деди ал.

Бул жерде сабак алгандардын бири Асия Абдипаттаеванын айтымында, алар орус тилинде жазганды, окуганды үйрөнүп жатышат.

«Сиңдим экөөбүздүн келип баштаганыбызга 1 жума болуп калды. Сабак кызыктуу өтөт. Жазганды, окуганды үйрөнүп жатабыз», — деди ал.

Каныкей айым элететтеги мугалимдер үчүн компьютердик кызмат да көрсөтөт.

«Бул онлайн жумуш. Мугалимдерге буйрутма менен ушундай көргөзмө куралдарды жасап берем. Бул нейрогимнастикалар, сабак учурунда колдонобуз. Буларды ноутбактан жасап, Баткен шаарына алып барып чыгартып келем. Ошондой эле мугалимдерге портфолиолорду жасап берем», — деди ал.

Каныкей Исламидинова балдарына да татыктуу тарбия берип, алардын ийгиликке жетүүсүнө жан үрөп келет. Чоң уулу жана кызы спорттун таэквондо түрү боюнча мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE