Пример HTML-страницы

Кадамжайдагы жаштар 300 миң сом чогултуп, 300 кг аш бышырып, муктаж болгондорго эт таратмай болушту

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжайда жаштар тарабынан 2 миңден ашуун балдарга акысыз балмуздак таратылып, 6 буканын эти аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеткирилет. Бул тууралуу жаштардын атынан Абийбилла Акматов билдирди.

Анын айтымында, 300 кг күрүч басылып, майрам спорттук мелдештер жана ар кандай оюн-зооктор менен коштолот.

«Орозбеков айыл аймагынын жаштары ашыкча ысырапкерчиликти жоюу жана биримдикте иш алып баруу максатында уюм түзгөнбүз. Анын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жетим балдарга колубуздан келишинче кол кабыш кылып келебиз. Курбан айт майрамына карата район элин ынтымакка чакыруу менен бирге майрамдык маанай тартуулоону максат кылып, ушул иш-чараны уюштуруп жатабыз. Спорттук мелдештер уюштурулуп, баалуу белектер камдалган.

Бөбөктөрүбүздүн көңүл ачуусу үчүн да акысыз батуттар коюлуп, таттуулар, суусундуктар таратылат. Иш-чараны өткөрүүгө Орозбеков айыл аймагынын жаштары тарабынан 300 миң сомго жакын каражат топтолду. Мындай иш-чара жыл сайын өтөт», — дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE