Пример HTML-страницы

Ишкердин жаагы сынгандан кийин мушкер Тилек Батыров кармалды. Ал тууралуу эмне белгилүү?

Акыркы жанылыктар

TurmushАралаш уруш боюнча мушкер Тилек Батыров Жалал-Абад шаарында «Строймаркет» соода борборунда эркек адамды сабоого шектелип жатат.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, спортчу менен каалга саткан ишкердин ортосунда жаңжал чыккан. Жабырлануучу ишкер К.М.нын айтымында, экөө эшик орнотуудагы баа менен келише албай калган.

Алдын ала алынган медициналык тактамага ылайык, жабырлануучуга жаагы сынган деген диагноз коюлган.

Ал эми бул окуяга шектелип жаткан Тилек Батыров туугандарынын үйүнөн кармалды.

Аталган факты боюнча чогултулган материалдар Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Тилек Батыров ким?

Батыров Тилек Абдулбакыевич 1991-жылы 19-августта Жалал-Абад шаарынын Көк-Жаңгак шаарында туулган. 2008-жылы Көк-Жаңгак шаарындагы Ю.Гагарин атындагы №4 мектепти окуп бүтүргөн.

2021-жылы «MMACC — MMA Corona Cup» эл аралык турнирин жеңген.

2014-жылы «WEF Global 1» эл аралык турнирин, «Fight Nights Battle of Moscow» жана «Tech-Krep FC Prime Crimea» турнирлерин жеңген.

2015-жылы «Kunlun Fight-Cage Series 4» турниринде, «JFC ММА» чемпионатында, «Alash Pride Selection 10» эл аралык турниринде, «Alash Pride Royal Plaza Volume 5» турниринде, «WEF Global 2» эл аралык турниринде жеңүүчү болгон.

Тилек Батыров — ММА боюнча спорт чебери. Ал «Жаш күч» спорттук клубунда машыккан.

Өткөн жылы декабрь айынын аягында Батыров кайрадан профессионалдык аренада күч сынай турганы маалымдалган. 2022-жылы Россиянын аймагындагы, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү турнирлерге катышуусу пландалып жаткан.

Батыровдун акыркы беттеши 2017-жылы өтүп, анда «Jash-Kuch Fighting Championship» турниринде утулуп калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE