Пример HTML-страницы

Генерал-майор С.Дубанаев убактылуу кармоочу жайдагы окуяны видеокамера аркылуу көрүшкөнүн айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 13-мартта Ош шаарында «Коопсуз өлкө — туруктуу келечек» аталышындагы форум өтүп жатат.

Форумдун жүрүшүндө ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев милициянын кадыр-баркын түшүргөн учурларды көрүп жатканына токтолду.

«Экинчи курултайда Садыр Нургожоевич «мурун милициянын эки көзү болсо, анын арыз үч көзү бар» деп айтты. Мен дагы ушуга кошумча кылып айтар элем, эгерде мурун милициянын эки кулагы болсо, азыр анын төрт кулагы бар. Анткени камералардын баары иштеп, борборлошкон монитордо министр өзү карап отурат. Керек болсо, бардык шаарды, районду көрүп, райондук бөлүмдүн ичинде эмне болуп жатканын угуп-билип турат. Райондук бөлүмдүн ичин эле эмес, мага Алайдын убактылуу кармоочу жайын көрсөттү. Төртөө отуруп алып, домино ойноп жатат.

Урматтуу кесиптештер, ошондуктан укпайт деп ууру кылба, көрбөйт деп ушак айтпа. Сүйлөгөн сөзүңдү, элге кылган мамилеңди оңдо деп айткым келет. Ошондо гана милициянын аброю мында да көтөрүлөрүнө шек жок», — деди ал.

Садырбек Дубанаев белгилегендей, Министрлер кабинетинин төрагасы милициянын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, шарт түзүлө турганын айтты.

«Ипотекалык батирлер курулуп, алардын жарым баасын мамлекет төлөп берет» деп айтты. Биздин учурда ушунун бирөө бар беле? Бир үй салынган эмес да. Бирөөбүзгө бир батир берилди беле? Ошону эсибизден чыгарбасак деп айткым келет.

Ошол эле учурда пенсиядагылар пенсияңарды, Ички иштер министрлигиндеги айлыктарды көтөрөбүз деп жатышат. Мен ОИИБдин башчысы болуп, Жалал-Абадда, Нарында, Көлдө иштегенде болгону 21 миң сом алып эле иштечүмүн. Азыр ОИИБ башчылар 60-70 миң алып жатпайсыздарбы. Жаңы эле жумушка кирген кызматкерибиз 40 миң алып жатат», — деди ал.

Ал милиция кызматкерлеринин арасында кылмышка кошо катышкандар да болуп жатканын кошумчалады.

Кийинчерээк Алай РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Бакытбек Пазылов Turmush басылмасынын кабарчысына форумда айтылган факты [убактылуу кармоочу жайдагы окуя] катталбаганын билдирди. Ал окуя башка райондо катталган болушу мүмкүн экенин айтып, Садырбек Дубанаев адашып калганын божомолдоду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE