Пример HTML-страницы

«Эркин Тоо» гезитинде редактор болуп иштеген Абдылда Айилчинов чыгармачыл инсандарга кам көргөн

Акыркы жанылыктар

Turmush«Тарых» инсаны рубрикабыздын бүгүнкү каарманы — «Эркин Тоо» гезитинде 1928-1929-жылдары редактор болуп эмгектенген Абдылда Айилчинов. «Кыргыз Туусу» гезитинин имаратына баш бакканда, залда гезит жаралган күндөн берки иштеп кеткен редакторлордун тизмеси, сүрөттөрү менен илинип турат. Алардын арасында алгачкы редакторлордун бири — Абдылда Айилчиновдун ысымы жазылган.

Абдылда Айилчинов «Эркин Тоо» гезитинде 1928-1929-жылдары редактор болуп эмгектенген. Ал тууралуу Нарын облусунун жана Кочкор районунун энциклопедиясында жана башка маалымат каражаттарында жазылбагандыгы, сүрөттөрү сакталбагандыгы өкүндүрөт.

Филолог Кабылбек Жумабаев: «Ак-Жардагы Жумабай Осмонов дегенден жазып алганым боюнча, “1912-жылы Алакун деген уйгур соодагер Кашкардан Кочкорго көчүп келет. Алакун Кочкордогу мечит турган аймакка отурукташып, соода борборун ачып, чакан намаз окуучу жай салдырып, анда Уфадан келген Зайнадин дамбылда сабак берип турган экен.

Азыркы Кочкор айылындагы «Айша» мечитинин короосунда илгери Моңголбайдын тамы, чакан чарбасы болгон экен. Кийинчерээк анын үйү имамдардын үйү, кеңсеси болуп турду. Кийин Моңолбайдын кемпири Айшакан үйдү мечиттен талашып, райкомго барып жүрчү. Архивден каратканда Моңолбайдын тамы экени жазылыптыр. Бирок, кандайдыр себептер менен үйдү ала албай, мечиттин карамагында калды.

Моңголбай кайтыш болгондо аялы Айшакан жесир, Турсун, Абдылда, Маарасул, Калыйпа, Нуруйла деген балдары жетим калышат. Алакун дамбылда жесир калган Айшаканга үйлөнөт. Кийин анын улуу кызы Турсунду Алакун дамбылда кашкарлык соодагерлерге кудаламак болот. Эжесинин ыйлап жатканын көргөн Абдылда Алакунду жакадан алып: «Сен эмне кутурасың, апамды да алсаң, эми эже- карындашымды сатам дейсиңби…» деп урушуп, токтотуп калат. Ошондон өгөй атасы менен каршылашып, Кара-Кужурдагы Айылчы деген таякесине кетип калат. Кийин таякесинин наамында Айилчинов деп катталып, таякеси окууга берген.

Абдылда 1928-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинде редактор болуп иштейт. Аалы Токомбаев редактордун орун басары болуп турган. Аалы Токомбаев Абдылданы «манаптын уулу» деп арыз жазып, 1929-жылы кызматынан бошоп, ордуна Аалы Токомбаев редактор болгон. Кийин Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинде иштеп турганда «улутчул» деп айып тагылып, сталиндик репрессияга кабылат. Абдылданын прокурор аялы болгон. Аны менен ажырашканда Райкан деген өзбек кызына үйлөнөт. Өзбек аялынан Мамлекетжан, Мираида деген эки кызы болгон. Мамлекетжан деген кызы Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозобековдун Адалатхан деген никеде жок өзбек аялынан төрөлгөн уулуна турмушка чыгып, экөө куда болушкан. Кийин Абдылда Айилчинов камакка алынганда Райкан кызы менен Кочкорго келип, Абдылданын туугандарына келип, кийин тынчыганда кеткен. Абдылда Айилчиновдун иниси Марасул Моңголбаев Ош облусунда комсомол комитетинин катчысы болуп иштеген. Абдылданын өгөй атасы Алакундун үч кол чанач алтыны болгон имиш.

Абдылданын өгөй атасы Алакун кулак катары камалганда, аны Абдылда Айилчиновдун прокурор аялы бошотуп, бир кол чанач алтынын катып, айтымдарга караганда экинчи кол чаначын туугандарына бөлүп берет. Алар күлүк ат сатып берип, бир кол чанач алтынын артынып, Кашкарга качат. Чек арачыларга алтын берип Кашкарга өтүп кетет. Абдылданын энеси Айшакан 1965-жылы 82- 85 жаштарында каза болгон», — деп эскерет.

Толук маалыматты жазылуу менен окуй аласыз.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE