Пример HTML-страницы

«Зажигание» атка конгон көк бөрүчү Чолпонбек Жеңишбеков

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Чолпонбек Жеңишбеков 4 жылдан бери көк бөрү ойноп, шаардын алдыңкы спортчуларынын бирине айланды. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Жеңишбеков Чолпонбек Жеңишбекович 1994-жылы 13-февралда туулган. Үй-бүлөдө 4 бир тууган. Ал 2019-жылдан тарта ат үстүндө көк бөрү ойноп келет.

«Биздин райондо жашаган балдар көк бөрү оюнун ойноп башташты. Анан мен да бул оюнга кызыга баштадым. Башында бир жылдай кызыгып эле жүрүп, андан кийин өзүм да ойноп баштадым. Негизи көк бөрүнү көргөндөр ат эле мингенди билсең, оюнду ойноп кетесиң деп ойлошот. Бирок андай эмес. Өзүнүн эрежелерин билшиң керек. Көк бөрүдө минген атың да жакшы болушу шарт. Аны туура тамактандырып, туура суутуп алсаң, жакшы аргымак болуп келет. Менин атым 8 жашта. Учурда чабуулда ойнойт», — дейт ал.

Көк бөрүчү оюн маалындагы кызыктуу окуяны да айтып өттү.

«Көк бөрү ойноп жатканда көп эле кызыктуу окуялар болот. Аны сөз менен айтып жеткире албайсың, көрүш гана керек. Бир жолу облустагы айылдардын биринде оюн болуп жаткан. Анда мен запаста отурдум эле. Бир кезде оюнга кирүүм керек экенин айтышты. Мен кире калып эле улакты эңип, казанга салып жибердим. Баары сүйүнүп калышты», — дейт ал.

Чолпонбек учурда Караколдун көк бөрү боюнча курама командасында ойнойт. Аны командасындагылар тамашалап, «Зажигание» деп коюшат.

«Караколго жакынкы Челпек айылында оюн болуп жаткан. Тааныш баланын аты оюнга киргени такыр баспай койду. Көпкө бастыра албай жатканын көрүп, мен мага берчи деп сурап минсем, ат чуркап, сонун оюн көрсөтө калды. Аны көргөн досторум «Зажиганиясың го» деп күлүп калышкан», — деди ал.

Көк бөрүчү эки уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE