Пример HTML-страницы

Сиам эгиздеринин бири Гита Резаханова ОшТУдагы студенттер менен жолукту

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинин «Интеллект өнүктүрүү» борбору жана «Эне наркы» коомдук фонду тарабынан «Адамга адам керек» аталышындагы атайын жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган иш-чарага «Эне наркы» коомдук фондунун жетекчилиги жана белгилүү Сиам эгиздеринин бири Гита Резаханова чакырылып, студенттерге маалымат беришти. Жолугушуунун негизги максаты жаштарды өзүн өзү өнүктүрүүдө талбастан аракет кылууга чакыруу, ар кандай турмуштук кырдаалдарда сабырдуулук менен жол таап чыгып кетүүгө үндөө болуп саналат.

«Интеллект өнүктүрүү» борбору буга чейин ар кандай формадагы иш-чараларды уюштуруп келген. Бүгүнкү иш-чара студенттерге атайын мотивация берүү, аларды ар кандай иштерге шыктандыруу, келечекте коомдо ордун татыктуу табууга жардам берүүгө багытталды.

«Дүйнөдө Сиам эгиздеринен экиге бөлүнгөндөн кийин жашап кеткен жалгыз адам — эгиздин шериги Гита Резаханова болуп эсептелет. Түгөйү Зита ажыратылгандан соң бир нече жылдан кийин катуу орудан улам каза болуп калган. Тагдырдын оор сыноосун башынан өткөргөн Гита айым жаштарга ар тараптуу, келечекке шыктандыруучу көптөгөн кеңештерди берип, кыйын күндөрдө дагы чөгүп кетпей, адам катары жашап, турмуштан ордун татыктуу таап кетсе боло тургандыгын белгиледи. Ал эми «Эне наркы» коомдук фондунун жетекчиси келечекте эне боло турган кыздарга, улуттун учугун улай турган аялзат катары көптөгөн кеңештерди берди. Окуу менен биргеликте ар кандай өзүн өзү өнүктүрүү боюнча иш чараларды өткөрүп келе жаткан «Интеллек өнүктүрүү» борборунун жетекчилиги жана жолугушууга катышкан студенттер тарабынан келген конокторго ыраазычылык билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

  • Кыргызстандык сиам эгиздери Зита менен Гита Резахановалар 1991-жылдын 19-октябрында төрөлүшкөн. 2003-жылдын 26-мартында Москвадагы Филатов атындагы №13 балдардын шаардык клиникалык ооруканасында медиктердин тобу аларды бөлүү боюнча операция жасашкан. Андан 12 жылдан кийин — 2015-жылдын 29-октябрында эгиздердин бири Зита Резаханова полиоргандык жетишпестиктен улам каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE