Пример HTML-страницы

Ош облусунда 3 айда 4 адам унаанын алдында калып каза болду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун аймагында 16-февралдан баштап 4-апрелге чейин «Жөө жүрүүчү» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара учурунда жол кыймылынын эрежелерин бузган 8 миң 134 айдоочуга карата Укук бузуулар кодекси боюнча протоколдор түзүлдү.

Алардын ичинен:

— спирт ичимдигин ичип алып, автоунаа башкарган 152 айдоочу;

— тийиштүү документтери жок 190 айдоочу;

— автоунаанын алдыңкы айнегин караңгылатып алган 38 айдоочу аныкталды.

Ошондой эле 412 жаранга жол эрежесин бузганы үчүн протокол түзүлдү.

«2022-жылы 3 ай ичинде 37 жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп, анын кесепетинен 4 жөө жүргүнчү каза болуп, 33 жаран денесинен ар кандай жаракат алган. Айрым жөө жүрүүчүлөр жолдун көрүнгөн жеринен кесип өткөндүктөн ушундай жол-унаа кырсыктары катталууда. 3 айда катталган жол-унаа кырсыктарынын 30 пайызында жөө адамдарды унаа сүзүп кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE