Пример HTML-страницы

Караколдогу соттун жанына анын тарапташтары чогулду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 12-август күнү Каракол шаардык сотунда белгилүү укук коргоочу Камил Рузиевдин иши каралат. Анын жакындары, ал коргогон жарандар жана укук коргоочулар сот алдына чогулгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Катышуучулардын бири Карим Раймахуновдун айтымында, акыйкатчынын иши туура чечилиши керек.

Ишти Каракол шаардык сотунун судьясы Венера Туманова карайт.

Turmush басылмасына буга чейин Ысык-Көл облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан «Вентус» коомдук бирикмесинин 1963-жылы туулган жетекчиси Рузиев Камилжан Якупович кармалганы маалымдалган. Сотко чейинки материалдар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 359-беренедеги 2-бөлүм (документ жасоо) жана 204-берене (алдамчылык) боюнча катталган.

Кармалган жаран Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалган. Кийин ал үй камагына чыгып, 204-берене (алдамчылык) алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE