Пример HTML-страницы

Бишкек—Ош жолунун Кара-Суудагы тилкеси ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushСел жүргөндөн кийин жабылган Бишкек—Ош унаа жолунун тилкеси ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Такталган маалымат боюнча, бүгүн, 18-майда саат 19:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек—Ош унаа жолунун 647-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Кайрагач айылында Отуз-Адыр каналынан суу ашып, унаа жолду каптаган.

«Жерине ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысы, райондун акими, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы барган. 2 жүктөгүч, 1 манипулятор тартылып, тазалоо иштеринин жыйынтыгында саат 22:15те унаа жол ачылды», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE