Пример HTML-страницы

Бака менен азыктанып, жер үстүндө жүрө алган өзгөчө балык

Акыркы жанылыктар

TurmushЖыланбаш (змееголов) XX кылымдын 70-жылдарында Амур дарыясынын боюндагы туруктуу жашаган жеринен Орто Азияга көчүрүлүп келген. Кыргызстанда анын узундугу 1 жарым метр, салмагы 7 килограммга чейин жетет. Бирок алардын арасында салмагы 15 килограммга чейин жеткендери бар.

Ал балык экендигине карабай, атмосфералык абада дем алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондуктан ал суу сактагыч кургаганда аман калып, ал тургай башка суу сактагычка сойлоп кете алат. Окумуштуулар дүйнөдө жылан башынын 29га жакын түрү бар экендигин айтышат. Балыктан тышкары, жыланбаш амфибиялар, личинкалар, курт-кумурскалар, балапандар, жалпысынан, жеңе алган нерселердин баары менен азыктанат. Жыланбаштар май-октябрь айларында эң активдүү.

Беловодское айылынын 32 жаштагы тургуну, балыкчы Саламат Чыналиев жыланбаш балыгы боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

«Мен көп жылдан бери Беловодское айылында жашап келе жатам. Балык уулаганды жакшы көрөм, ошондуктан Москва районундагы бардык майда суу сактагычтардын өзгөчөлүктөрүн билем. Чоң жыланбаштар адатта көлмөлөрдө эмес, саз сымал сууда жашашат. Ал жерде дээрлик балык жок, ошондуктан ал жактагы жыланбаштар бакаларды олжо катары көрүшөт. Ушундан улам мен аталган балыкты кармоо үчүн баканы жем катары колдоном.

Чоң жыланбашты кармоо үчүн эң жакшы убакыт — бул балык тайыз сууда ууга чыгып, мергенчилик кылган күнөстүү ысык күндө. Мен баканы сууга түшүрүп, аны кыймылдата баштайм. Анткени жыланбаш кыймылдаган нерселерге кол салат. Ал тирүү олжону өлүккө караганда артык көрөт. Жырткыч балык олжону тиштегенде, дароо жээкке тартып алууга аракет кылыш керек. Жыланбаш жырткыч балыктардын ичинен эң күчтүүлөрдүн катарын толуктайт. Ал жигердүү каршылык көрсөтүп, илинчектен көп чыгып кетет», — деп С.Чыналиев балык кармоонун сырлары менен бөлүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE