Пример HTML-страницы

Ата-энелер сасык тумоого чалдыккан балдарын дарылоодо кандай ката кетиришет?

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы райондук ооруканасынын балдар бөлүмүнө сасык тумоо жана бронхит оорусу менен келгендердин саны өсүп жатат. Бул тууралуу райондогу балдар дарыгери Шакен Мамбеткадырова билдирди.

Анын айтымында, ата-энелер балдарга туура эмес дарыларды берип, оорунун ого бетер күчөшүнө алып келүүдө.

«Учурда аба ырайы түшүнүксүз, бирде жылуу, бирде суук. Ушундан улам шамалдап, суук өткөрүп алган балдардын саны өсүүдө. Негизи бала жеңил сасык тумоого чалдыкса, курамында антибиотик бар дары-дармектерди бербеши керек. Азыркы ата-энелер балага дароо эле амоксициллин дарысын берүүнү адат кылып алышты. Антибиотикти көп кабылдаган баланын иммунитети түшөт, кайра-кайра ооруга чалдыгат, акыры анемияга чейин жетиши мүмкүн. Антибиотикти бере берип, бала ынтыгып, онтоп калганда бизге алып келип жатышат», — деди ал.

Учурда балдар эле эмес чоң адамдар арасында да сасык тумоого чалдыккандар көп болууда. Дарыгер өзүнүн кеңештерин айтты.

«Эл көп чогулган жерлерге барганды, коомдук транспортко түшкөндү азайтыңыз. Эл көп жерлерде бет кап кийип, жөтөлүп же чүчкүргөн адамдардан алыс болуңуз. Ар дайым коомдук транспорттон, сырттан келгенден кийин колду самын менен таза жууңуз. Өзгөчө сырттан келгенден кийин жана коомдук транспортко түшкөндөн кийин мурунуңузду чайкаңыз. Ар дайым бөлмөңүздү желдетип туруңуз. Бөлмөнү суу чүпүрөк менен тазалап туруу кажет. Бөлмөдө нымдуулукту сактаңыз. Курамында С витамини камтылган азыктарды колдонуңуз. Сарымсак менен пияз кошулган тамак-ашты жеңиз. Дарыгердин сунушу менен иммундук системаны бекемдеген дары-дармектерди ичиңиз. Үйдө сасык тумоо менен ооруган адам болсо, дароо вируска каршы дары-дармектерди дарыгердин сунушу боюнча ооруну алдын алуу максатында колдонуңуз. Сергек жашоону бекемдеңиз, жетиштүү уйку, туура тамактануу, дене кыймылы сөзсүз керек», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE