Пример HTML-страницы

Эки түк чөптү бир көтөргөн «Даку балбан» аэропортто иштери белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылынын тургуну Данияр Дүйшекеев 2 түк чөптү бир кармап ыргытып жаткан сүрөтү интернет колдонуучулар тарабынан кызуу талкууга алынды.

Каарманыбыз 1988-жылы Асылбаш айылында жарыкка келген. Ал «Манас» эл аралык аэропортунда автобазада 14 жылдан бери эмгектенет.

«Жумуштан сырткары, айылда айыл чарба менен алектенебиз. Жүк ташуучу унаам менен чөп тартып да иштейм. Интернетке тарап кеткен сүрөттө мен чөп тартып жаткан кишиге жардам берип жаткам. Негизи анын жүк ташуучу унаасы менен чөбүн тартып бермекмин. Бирок, бала аз болгондуктан, жардам берип жаткам. Ошондо 2 түк чөптү айры менен бир сайып кармасам, жеӊил эле экен. Көтөрүп, ыргытып жатканда балдар тамашалап сүрөткө тартып, интернетке чыгарып коюшуптур. Эки түк чөп 70 килограммга барат го. Мындан оорлорун айылдагы балдар ыргытып жүрөт. Бул таӊ калыштуу деле көрүнүш эмес. Биз айылдагылар буга бышып, көнгөнбүз. Ыгы менен ыргыта беребиз», — деди ал.

Каарманыбыз авиациялык техникумда билим алган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE