Пример HTML-страницы

Эки доорду көргөн Магзым Асаке уулу Токторбай аттуу байдын күлүгүн кантип алган?

Акыркы жанылыктар

Turmush«Тарых инсаны» рубрикабыздын бүгүнкү каарманы 1916-жылкы Үркүндө элин сактап калган Магзым Асаке уулу жөнүндө болмокчу. Магзым тууралуу Tupmush басылмасынын аймактык кабарчысына небереси Магзимов Малик Мамыракашович айтып берди.

Магзым 1880-жылы туулуп, 1968-жылы 88 жашында кайтыш болуп, эки доорду көргөн адам. Өзү санжыраны жакшы билген адам болгон.

Каракол шаарынын тургуну, токой чарбасында эмгектенген Жуса Түкөбеков атасы Түкөбектен укканына караганда, Магзым Семиз-Бел аймагынын болушу айтылуу Кененбай Байтүгөл уулунун жигит башчысы болгон. Семиз-Бел болуштугуна азыркы Кочкор районунун Кара-Күнгөй, Семиз-Бел, Сары-Чат аймактары, Тоң районунун Ак-Өлөң, Оттук, Кара-Шаар айылдары баш ийген.

Кененбай болуш Кара-Күнгөйдөгү Семизбел жайлоосунда отурукташып, күлүк таптатып, куш салганды жакшы көргөн адам болуптур. Жигиттердин чыгаандарын жанына кармап, түнкүсүн жортуулга аттантып, жылкы чаап алып, башка болуштуктарга тынчтык бербей, чаап келген жылкыны союш кылып элине бөлүп берип турган. Анын бир топ мыкты күлүктөрү болуп, аш-тойлордо байгеге кошуп, маарага биринчи келчү дейт.

Кочкордун азыркы Исакеев, Теңдик айылдары ал кезде Жоон-Арык болуштугу аталган. Жоон-Арык болуштугундагы Токторбай деген байдын күлүгү алдына күлүк чыгарбай байге бербей жүргөнү Кененбай болушту көп түйшөлтөт. Ошол кезде Магзым 19 жаштан өтүп, жыйырма жашка карап калган кези экен. Бир күнү Кененбай болуш үйүндө жалгыз жамбаштап жаткан кезинде кирип барып, салам айтат. Болуш алик алып: «Кел» деп суроолуу тиктеп калат. «Ата! Сарбагыштын күлүгүн сизге алып келип берейинби?» дегенде Кененбай болуш жамбаштап жаткан ордунан туруп, чөк түшүп отура калат.

— Колуңдан келер бекен?!

— Аракет кылып көрөйүн, ата!

— Ай, Магзым, Аракет кылсаң өзүң бил. Эгер колго түшүп калсаң, мен эчтеке билбеймин. Бирок, сени куткарып аларымды унутпа! Жигит пири Шаймерден колдосун. Бара көрөсүң!

Магзым жанына бир шылуун жолдошун алып, жулкунган эки күлүктү бир апта таптап, Кочкор өрөөнүнө түшөт. Ал жактан Жоон-Арык болуштугундагы Токторбай байдын үйүн аңдууга алышат. Күлүктү айылдын ортосундагы бир чоң боз үйдө багат экен. Айланасын кой-короолор курчап, короодогу койлорду «Бекбекей» айтып кыз-келиндер кайтарып, күлүк багылган боз үйдүн эшигинин алдына туурасынан жатып дардайган жигит кайтарат экен. Магзым күлүктү алып чыгуунун амалын ойлоп, түн ортосунда акырын жылып барып, «Бекбекей» айткан келиндин аркасынан шырп алдырбай барып, элечегин жулуп кетет. Келин караңгыда кайнилеримдин бири тамаша кылып жатат деп ойлоп калат. Магзым акырын боз үйгө барса, жигит коңурук тартып уктап жатыптыр. Байкатпай жамынган кементайын, алдында салынган көрпөчөгө шооналап тигип жиберип, күлүктү алып чыгат. Жигит ойгонуп тигилген төшөктөн бошонгуча Магзымдар айылдан чыгып караңгы түнгө сиңип кетишет.

Ошентип күлүктү Кененбай болушка уурдап келет. Кененбай болуш күлүктү бир коктуга байлатып бактырып, казанга ысык сууну астырып, ага кыл арканды салып кайнаттырат. Кайнаган кыл арканды күлүккө оротуп салат. Ысык аркан күлүктүн жүнүн күйгүзүп, ал жерге кийин башка жүн өсүп, боз чаар жылкыга айланат. Ушул окуядан кийин Кененбай Магзымды өзүнүн жакын жигиттеринин катарына кошот. Надырбек уруусунун аксакалдары Кененбай болушка келип: «Кенеке! Күлүгүбүздү ууруга алдырдык. Сиздин жигиттер алган болсо, кайтарып берсин. Жолдугун кылалы» дешет. Кененбай: «Жок менин жигиттерим андай ишке барбайт. Биздин элде, биздин жерде андай күлүк көрүнбөйт. Ишенбесеңер жан берем» деп четке кагып, казанга эт астырат. Эт бышып калганда Магзымды чакырып: «Колго суу куй» дейт. Магзым отургандардын колуна суу куюп жатканда, төрдө лтурган Токторбай бай Магзымдын көзүнө үңүлө карап: «Балам көзүң эле чоктой жанат. Ушул сенин колуңдан келдиби бейм?» дейт. Магзым: «Жок ата! Мен андай ишке барбайм» деп жооп берет. Кененбай күлүктүн ээлеринин алдына аш тартып сыйлап узатат. Алар кеткен соң, аксакалдар: «Ээ. Кенеке? Баарынан жан берем дегениң кыйын болду го?» деп суроо узатышат. Кененбай: «Жакшы ишке жан берсе, эчтеке болбойт» деп жооп бериптир.

Кийин бир байдын ашында баягы күлүк «Кененбайдын күлүгү» деп байгеге чабылып байге алат. Ээси таанып, күлүктүн башынан кучактап, «Кененбайды доого жыккыла» деп бийлерге кайрылат. Бийлер чогулуп, Кененбайга тогуз айып салмай болушат. Аттын үртүгүн алганда боз чаар күлүк болуп чыгып, ээси доого жыгылат. Байгеде биринчи келген күлүк «Кененбайдын күлүгү» деп баш байгеге ээ болот. Ээсине коюлган доону Кененбай албастан, тогуздап сайылган байгени «бөлүшүп алгыла» деп бастырып кетет.

Кененбай болушка мындан сырткары саргалдак уруусунан чыккан «Жөө Ботокан» аттыккан Ботокан Калмаакы уулу да Анжиан тараптан, Чүй өрөөнүнөн күлүктөрдү айла-амал менен алып келип турган.

1916-жылы Ак падышаны буйругу менен орус-немис фронтуна каттай баштаганда эл көтөрүлүш чыгарат. Көтөрүлүшчүлөрдү жазалоо үчүн Алматадан Байсоорунга эки араба курал алып баратканы тууралуу кабар Семиз-Белдин болушу Сагын Ниязбек (бешкаман уруусунан) уулуна жетет. Ал Магзымды чакырып: «Колдон келсе, куралдарды колго түшүргүлө» деп мергенчилерди кошуп берет. Боом капчыгайында курал тартып келе жаткан эки арабада үчтөн жоокер болот. Бири араба айдап, экөө мылтык менен куралдарды кайтарып келе жатышканын көргөн мергенчилер Көк-Мойнок тараптагы калың камыштын арасына жатып аткылап тосот. Арык тукуму уруусунун Сагын, Саадабай, Ындыбай баштаган жигиттери чабуул коюшат.

Жоокерлер ок чыгаргандан коркуп, арабага чегилген аттардын тизгинин кыркып жиберип, бирден атка минип качышат. Аларды куубастан арабаларды колго түшүрүп, андагы мылтыктарды калыстап бөлүштүрүп алышат. Мылтык Кеминге да жөнөтүлүп, сарбагыштар, саяктар да алышат. Эл Кытайга качканда аларды кууган жазалоочу отряддын жолун мергенчилер менен бирге тосуп, элди октон сакташат. Бирок жолдо ачкалыктан, оору-сыркоодон, сууктан далай эл ашууларда кырылат. Калганы Кытай жергесинде ачкадан ар кимге малай жүрүп, кайыр сурап күн өткөрүшөт.

Кытайда жүргөндө байлардын малын уурдап, аялы Төрөкан тамак жасап берип, кедей-кембегалдарды баккан. Кытайга качып барганда 36 жашта болуп, 22 жаштагы манасчы Саякбай Каралаев, 9 жашар келечектеги Социалистик эмгектин баатыры Океш Түлөбердиевдер менен бирге болгон. Аларга агалык жолун көрсөтүп турган. Уурулукка шектелип Кытайдын түрмөсүндө отуруп, далил жоктуктан бошонгон.

Ак падыша тактан кулаганда эл менен кыргыз жергесине кайтып келет. Түз эле Караколго келип, Метрей деген көпөстүн аттарын багып, атчы (конюх) болуп иштеген. Метрей ага тапанчасын берип, апийимдерин кытайга алып барып, соодалатып турган. Азыр Метрейдин үйү Каракол шаарында почта болуп турат. Кийин 1918-жылы большевиктер келип, байларды куугунтуктап жаткан кезде Метрейди качырып, чек арадан өткөрүп, Кашкарга жеткирген. Метрейдин таштап кеткен мал-мүлкүнө ээ болуп, алдыңкы байлардын катарына кошулган. Малдуу болуп, туугандарын көчүрүп келип, Караколдун тегерегиндеги кыргыздардын ичиндеги эң чоң бай болуп жашап калат. Эки-үч жыл өткөндөн кийин 1921-жылдары булгары чапан кийген үч совет кызматкерлери келип калат. Аларды жакшылап коноктоп, сыйлап узатат. Өзүнүн кантип байыганын айтып берет. Баягы совет өкмөтүнүн кызматкерлери: «Жакында байлардын баары кулакка тартылат. Ошондуктан кызматчыларыңды иштен бошотуп, малыңды аларга, элге таратып бер» дешет. Магзым малчыларын иштен бошотуп, аларга малын бөлүп берип, өзүнө аз эле мал алып калат. Эки жылдан кийин байлар кулакка тартылган кезде Магзымга эч ким тийишпейт. Отурукташтыруу болгон кезде Ак-Өлөңгө барбай, Маман айылында жашап калат. Магзым 1968 -жылы 88 жашында кайтыш болуп, сөөгү Маман айылына коюлган.

Магзымдын беш барак, он беттен турган сары калпак уруусу жөнүндө санжырасын небереси Жеңиш Магзымов 2018-жылы арык тукуму уруусунун санжырасы чогултулуп жатканда, Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Майрамкүл Кыдыралиевага өткөрүп берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE