Пример HTML-страницы

Чалдыбар—Кара-Балта унаа жолундагы көпүрөнүн жээктери темир тосмо менен тосулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районунда Чалдыбар—Кара-Балта унаа жолундагы суу өткөрүүчү арыктагы көпүрөлөрдүн эки жээгине узундугу 40 метр темир тосмо коюлду. Бул тууралуу Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолдогу көпүрөгө тосмо Курама айыл аймагындагы Эфиронос айылында коюлган.

«Эфиронос айылынын тургуну Абылкан Исраилов: «Чалдыбар— Кара-Балта унаа жолундагы эгин талааларына суу өткөрүүчү арыктагы көпүрөлөрдүн эки жээги кооптуу абалда. Кокусунан ага унаа, жөө жүргүнчү да түшүп кетиши ыктымал. Ошондуктан, аны тосуу керек» деген. Бул маселе ыкчам колго алынып, аталган жерлердеги көпүрлөрдүн эки жээгине узундугу 40 метр темир тосмо менен тосулду», — деп билдиришти акимияттан.

Бул иштер №42 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE