Пример HTML-страницы

Чүйдө тирүүлөй өрттөсө күлү, тирүүлөй кайнатса эти дары делген жандыкты өстүрүшүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун аймагында балык өстүрүүчүлөр бөйөн өстүрүшүп, анын баасы Кыргызстанда эң жогорку болуп, бүгүнкү күндө килограммы 1200 сомго чейин жетти.

«Суу сактагычтарда бөйөндөрдү көбөйтүү үчүн суунун деңгээлин туруктуу кармап туруу зарыл. Бөйөндөрдү сууга түшүргөндөн кийин ал жерде өз алдынча көбөйөт. Андан кийин атайын капкандардын жардамы менен суу сактагычтардан бөйөндөрдү кармайбыз. Бирок алардын натыйжалуулугу төмөн. Мунун баары мезгилге, аба ырайына жана башка табигый факторлорго көз каранды. Базарда бөйөндөрдүн жетишсиздиги жана аларга болгон суроо-талаптын жогору болушу бул продукциянын килограммын 800 сомдон 1200 сомго чейин болушун камсыз кылууда», — дешет бөйөн өстүрүүчүлөр.

Бөйөндөр боюнча биолог Ирина Стежко төмөнкүлөргө токтолду.

«Көл бөйөндөрү — бөйөн сымалдуулар классына кирет. Өсүмдүк жана жаныбарлар менен азыктанышып, суу сактагычтарда санитардын ролун аткарышат. Аны токойду алсыз жана оорулуу жаныбарлардан тазалаган карышкырларга салыштырууга болот. Муну менен катар бөйөндөр суу объектилерин тазалайт. Бөйөндөр табиятта 20 жылга чейин жашашат. Денесинин узундугу 20 сантиметрге чейин жетет. Кыргызстандын суу сактагычтарында 12-15 сантиметрге жеткен бөйөндөрдүн үлгүлөрү кездешет. Алардын өлчөмү жана салмагы шарттарга жана жашаган чөйрөсүнө, тамак-аштын көлөмүнө жана сортуна жараша болот.

Көлмөдө бөйөндөрдүн болушу суунун тазалыгынын көрсөткүчү. Бул муунак буттуулар (членистоногие) суунун сапатына абдан карашат. Сууктун башталышы менен бөйөндөр суунун түбүндөгү терең жерлерге чогулуп, кыймылсыз жашоо образын алып барышат. Бирок тамак-аш издеп, алар баш калкалоочу жайдан үч-төрт саатка чыгып кетишет», — дейт биолог Ирина Стежко.

  • Бөйөндүн этинде жеңил сиңүүчү протеин көп, В тобундагы витаминдер, кальций, фосфор, калий, темир бар. Аш болумдуу жана даамы жакшы. Муну менен катар өт жана боорду тазалап, зат алмашууну жакшыртат. Айтмакчы, бөйөндөрдү тирүүлөй гана кайнатып жегенге болот. Бирок кээ бирөөлөр бул кулинардык техниканы катаал деп эсептешет. Чындыгында өлгөн бөйөндөр абдан тез чирип баштайт. Өлгөн ракты жесе, уулануу коркунучу жогору болушу мүмкүн.

Адамдар бөйөндүн пайдалуу экенин байыркы заманда эле билишкен. Алар бөйөндөрдү тамак катары эмес, дарылык максатта колдонушкан. Мисалы, бөйөндү тирүүлөй өрттөп, күлүн сактап коюшкан. Адамды жылан же чаян чагып алса, чаккан жерине күлдү себип айыктырып алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE