Пример HTML-страницы

Чүй облусунда кыз ала качууга шектелген эки адам кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кызды уурдап качкан жарандарды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2024-жылдын 9-январында болжол менен саат 14:50 чамасында Ак-Босого конушундагы үйлөрдүн биринен 1998-жылы туулган Р.М. аттуу кызды белгисиз жарандар күчкө салып, «Хонда Стэпвэгон» үлгүсүндөгү автоунаага отургузуп, белгисиз тарапка кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факт боюнча Бишкек шарына жана Чүй облусу боюнча «Тосмо» иш-мерчеми киргизилип, ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү автоунаанын 1978-жылы туулган айдоочусу жана жанындагы жүргүнчүсү — 1992-жылы туулган Ш.Р. Жайыл районунун Сосновка айылынан кармалган.

Шектүү жарандар андан ары тийиштүү чараларды көрүү үчүн Жайыл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Ал эми автоунаа айып короо жайына токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE